super.kg logo

НТС телеканалынын башкы директору: "Телеканалдын юридикалык жактан Бабановго эч тиешеси жок"

 

НТС телеканалынын башкы директору Жайнак Үсөн уулу телеканалдын юридикалык ээси Өмүрбек Бабанов эмес экенин айтты. Мындай билдирүүнү ал бүгүн, 19-декабрда телеканалдын маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтуусуна караганда, телеканалдын юридикалык ээси Бабановдон башка адамдар.

Ошондой эле ал Бабанов телеканалдын ээси же ээси эместигин айтуудан да баш тартты.

Эскерте кетсек, бүгүн, 19-декабрь күнү саат 17:00 чамасында сот аткаруучулар НТС телеканалынын имаратына милиция кызматкерлеринин коштоосунда кирип барышкан. Сот аткаруучулар каналдын мүлктөрүн камакка алуу боюнча Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун чечимин көрсөтүшкөн.

Айта кетсек, НТС телеканалы депутат Өмүрбек Бабановго таандык делет. Ушул жылдын 4-ноябрь күнү Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановго карата "улуттар аралык кастыкты козутуу" жана "Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөө иштерин жүргүзүү УКМКга жүктөлгөн.

2017-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек. Айрым маалыматтарга караганда, анын Орусияда дарыланып жатканы айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
19.12.2017. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Чынында НТС каналы КРдеги чындыкты чагылдырган, журналист, корреспонденттери мыкты канал. Аны да жок кылуу бул чон катачылык.
19.12.2017. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бириң кайың,бириң тал
Бириң өлүп,бириң кал...
Айла кеткенде айтат экенсиң,Акаев,Бакиев,Атамбаев,Жээнбеков,Бабанов,Текебаев,Исаков баары эле актанышат,баары эле таза иштеп жатам,иштегем дешет...Ошондо ким ушундай күнгө кептеди Кыргыз элин?Мамлекеттен 1 сом албай,тескерисинче мамлекетке салыгын төлөп жашаган карапайым элби?Түшүнбөйм?
19.12.2017. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Талап тономой
болду бул бийлик.Бирооно штраф салып миллиондоп, бироонун мулкун тартып алып, тойбос болду го.
19.12.2017. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызда жакшы макал бар,"ууру тойгончо жеп,өлгөнчө карганат" деген,ошол так эле бийликтегилерге айтылган...Түз мааниси дагы,өтмө мааниси дагы...Бирок аны эч кимиси түшүнбөйт,түшүнгүсү да келбейт.Анекдотто айтылгандай эшектин туугандары болсо каяктан түшүнүшсун?!
19.12.2017. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бийликтегилер митингти сагынып калышканго, зеригип!
19.12.2017. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
АШАнын бийлигине чогуу каршы туруш керек болчу.Текебаев камалганда Бабанов эркектик кылып калыс созун айткан эмес. ###### бекем кысып отурган мына эми келме кезек Бабановко жетти бул башталышы даагы коп кызыктар болот
20.12.2017. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyalbek,+++
20.12.2017. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Буларга жаллан бийликтин созун суйлогон бийликти мактап жактап тургандар эле керекда ээ ?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: