super.kg logo

Экс-депутат Карганбек Самаков 10 жылга эркинен ажыратылды. Чудинов менен Айдаралиевге 5 миллион сомдон айып салынды

 

Кечээ, 19-декабрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо боюнча айыпталгандардын иши каралды.
Анда сот Дамирбек Назаров Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаков 10 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо чечимин кабыл алды.

Кубанычбек Самаков, Аликбай Сариев, Урмат Нурдинов, Эрнис Койчуманов жана Абай Таштанбеков күчөтүлгөн тартипте 8 жылга эркинен ажыратылды.

Ал эми Игорь Чудинов менен Искендер Айдаралиевге 5 миллион сомдон айып салынды. Арстанбек Ногоев, Курманбек Бакиев, Жаныш Бакиев 10 жылга эркинен ажыратылды.

Айта кетсек, Башкы прокуратура 2008-жылы Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүндөгү жер тилкелерин "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу фактысы боюнча кылмыш ишин тергөөнү аяктап, ишти сотко жөнөткөн. Анда Карганбек Самаковго карата "коррупцияны уюштуруу", Жаныш Бакиевге жана Курманбек Бакиевге карата "коррупцияга көмөктөшүү", К.Самаковдун уулу Кубанычбек Самаковго жана алардын 4 адамына карата "коррупцияны кошо аткаруучулук" беренелери боюнча айыптар тагылган.

Өкмөттүн "КРнын Аламүдүн районунун аймагындагы жерлерди которуу жөнүндө" мыйзамсыз токтомун чыгарганы үчүн мурунку премьер-министр Игорь Чудиновго, мурунку биринчи вице-премьер-министр И.Айдаралиевге жана мурунку айыл чарба министри А.Ногоевге карата "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айып тагылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
20.12.2017. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Бакиевдерди кайра кайра эркинен ажырата берип тажаган жоксунарбы? )))
20.12.2017. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aliakg90, бакиев жүрөгүңдүн түпкүрүнөн орун алган го Болду эми унут аны келечегиңди ойло
20.12.2017. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айнаске чудинов деген чудовищаны камаш керек эле. ат амбаевке көп акча берип оозун баскан экен
20.12.2017. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бабанов киллер менен иштеп койсо жакшы болмок ашанын командасына
20.12.2017. 04:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Колуңардан балээ да келбейт сот аткаруучулар итсиңер кожоюнуңардын айтканын кылып. Кудайдан корккула силерден да сурак алчу күн келет. Өмүр бою тозокто калбагыла!!! Көзүңөрдү ачкыла акылсыз көз каранды соттор.
20.12.2017. 08:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азамат Атамбаев эркек экенсин, давай коррупционерлерди кама чекесинен. Калганына сабак болсун, экинчи жээрден мурун эртен кучтуу, эркек президент келип калса текшерип камап салбасын деп ойлонушсун ууру чондор.
suban78 түзөттү 2017-12-20 08:06:20
20.12.2017. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
suban78,Сиз жан тарткан Атамбаевге да сот залында жооп беруучу кун келет,буйруса.АША аппак дейсинерби,коррупцияга белчесинен баткан мына ошол кишт! Жашоо Бумеранг!
20.12.2017. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Карганбек Самаков Кыргызстан үчүн 6жыл такта отурган атамбайга караганда көөп пайда алып келген,атамбай колу менен жасаган бир аз жакшы ишин тили менен жууп кетти 1 айда.АША,Соке-силерге да бир күнү бумеранг учуп келет,ждите
20.12.2017. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жерлерди мыйзамсыз алгандар ото эле коп экен Кыргызстан ды тоношуп кайтарыш керек баарын окмотко жерди иштетип тушкон пайдасы мамлекттин казынасына тушуш керек
20.12.2017. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакиевдер эркиндикте журуп,жазаа моонотун аткарабы?
20.12.2017. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо, Самаков азыр турмодобу же уйундобу
20.12.2017. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
самаковду жок дегенде кылган эмгеги учун бир аз азыраак жыл берип айып пулун коп салса болмок
20.12.2017. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чудинов деген ото коп иштер боюнча фигурантко, кайсы договор болсо ошол чыгат. Адилеттуу сот болгондо Чудиновко окшогондор камалса болмок. Самаковда ак эмес, жегендин жоопкерчилиги бар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: