super.kg logo

O!Store дүкөнүнөн LG Q6 смартфонун сатып ал да 1000 сом кэшбэкке ээ бол

 

O!Store дүкөндөр түйүнүндө флагмандын өзгөчөлүктөрүнө ээ арзан категориядагы толугу менен чексиз экрандуу LG Q6 смартфону пайда болду. LG Q6 смартфонун сатып алган кардарлар смартфон менен пайдалануу абдан жагымдуу экендигин белгилешти. Экраны чексиз болгондуктан жаңылыктарды окуп, видеолорду көрүп жана оюндарды ойноо менен интернеттен чыккың келбейт экен.

"LG Q6 смартфонун бир көргөндө аны топ категориясындагы каалаган смартфон менен чаташтырып алса болот. Мындан тышкары анын кызыктуу “фишкасы” бар – ал акыркы iPhone моделиндей эле кишини жүзүнөн тааный алат! Анын бүт артыкчылыктарын жеке баалоо үчүн бардык О!Store дүкөндөрүнө кош келиңиздер", - деп түшүндүрмө берди О! Мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко.

LG Q6 смартфонун бир кол менен пайдаланса абдан ыңгайлуу. NanoSIM форматындагы SIM-карталар үчүн 2 слот, ошондой эле азыркы күндө өтө сейрек кездешүүчү microSD эс-тутум картасы үчүн бөлөк слот бар. Камералары: кенен форматтуу алдынкы камерасы: ‒ 5 Мп жана негизги модулу сүрөттөрдүн татыктуу сапатын камсыз кылуучу негизги камерасы‒ 13 Мп (фото жарык жана автофокус менен).

O!Store дүкөндөрүндө жана ostore.kg интернет-дүкөнүнөн смартфондорду өндүрүүчү фирманын расмий кепилдиги менен сатып алуу, кошумча жагымдуу бонус жана арзандатууларды алуу мүмкүнчүлүгү болгондугу абдан маанилүү. Мисалы, LG Q6 жаңы смартфонун сатып алууну чечкен ар бир кардарга О! түйүнүнүн ичинде 1000 сом балансына кэшбэк түшөт.

"Кэшбэк" деген түшүнүк Кыргыз өлкөсүндө О! Мобилдик операторунун арты менен модага айланды. О! Мобилдик оператору O!Store дүкөндөрүнөн сатып алынган смартфондордун баасынын бир бөлүгүн өз кардарларынын мобилдик эсептерине биринчилерден болуп кайтара баштады. Ошондой эле “О!го которул” тарифтеринин чегинде байланыш кызматтары үчүн 50 пайыз арзандатуу алуу менен түзүлүштөрдү насыяга пайдалуу ыңгайлаштырса болот. LG Q6 смартфону бүтүндөй баасы 16 миң 990 сом, эгерде насыяга алууну чечсеңиз, анда баасы айына 1550 сомду түзөт.

О!Store – кардарлар үчүн эң мыктысы.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: