super.kg logo

Бишкекти Жаңы жыл майрамына "жасантууга" 15 миллион 500 миң сом жумшалды

 

Бишкек шаарын Жаңы жыл майрамына жасалгалоо үчүн 15 миллион 500 миң сом жумшалды. Бул тууралуу маалыматты Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Берилген маалыматка караганда, бөлүнгөн каражаттын ичинен:

1 миллион 200 миң сом - "Ала-Тоо" аянтындагы башкы балатыны кооздоо үчүн жумшалган.

2 миллион 800 миң сом - борбордук аянттагы жаңы жылдык композицияларды орнотуп, жасалгалоого коротулган. Ага 7 балаты, үй түрүндөгү 2 жаңы жылдык конструкция, жарык берүүчү 12 торшер, "2018" деп жазылган белги жана жарыктары жанган майрамдык кооз оргума коюлган. Мындан тышкары 19 декоративдик көлөмдүү инсталляция, бак-дарак түрүндө жасалгаланган композиция жана жарыктандырылган 10 шар коюлган.

9 миллион сом - жарыктары жанган 3D форматындагы 2 полотно. Полотнону жасоо үчүн жипке 1440 метеор түтүгү уланган. Анын иштөө системи атайын камсыздалган программанын негизинде борбордук тейлөө менен башкарылат. Полотного сигнал берүүчү 3200 метр кабель, ал эми электр жарыгын өткөрүү үчүн 3500 метр кабель пайдаланылган.

2 миллион 500 миң сом - шаар ичиндеги көчөлөргө жаңы жылдык кооздуктарды илүү, атайын унааларды пайдаланууга коротулган. Шаардагы Манас кең көчөсүнө 71 даана панно, Чүй, Абдрахманов көчөлөрүнө жана Жаш Гвардия бульварына 79 даана жаңы жылдык чынжыр, Эркиндик бульварына 69 майрамдык чынжырлар илинген. Мындан тышкары Жаштар аллеясы менен Курманжан датка эстелигинин жанына да инсталляциялар орнотулган.

Буга чейин Бишкек шаардык мэриясы жаңы жылдык иш-чараларды өткөрүүгө 3,4 миллион сом сарптай тургандыгы маалымдалган. Бул каражатка майрамдык 3 иш-чара өткөрүлөт. Биринчиси - 15-декабрда өткөн өлкөнүн башкы балатысын жандыруу аземи. Экинчи иш-чара - 31-декабрда аянтта күндүз коюла турган майрамдык концерт болсо, үчүнчүсү түнкүсүн Жаңы жылды "Ала-Тоо" аянтында тоскондор үчүн концерттик иш-чара.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(34)
20.12.2017. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Оууууууууу (оозу анырайып ачылып калган быйтыкча). Немеда о Курбан айтта канча акча сарп кылышат экен а? Ушул акчаны ошондо бей бечараларга таратып берсе, же керектуу, жей турганбы нерселерди алып беришсе барбыыыыыыыы.... анаке сооп, мынаке соооп. Пай пай пай, дагы мамлекетибиз жакыр имиш. Карыздарыбызды эсептесек колумдун бармактары жетпей калатго.
20.12.2017. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Shaa-82, Туура айтасын, созуно кошулам
20.12.2017. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Эмнеге мерия жаны жылга миллиондогон акча сарптайт дагы, мусулмандардын КУРБАН АЙТ, ОРОЗО АЙТ майрамдарына бир тыйын дагы сарптабайт? Айт майрамдарында Бишкектин кочолорундо "Айтыныздар маарек болсун" деген жазууну да корбойсун.
20.12.2017. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Ушул комментарий бергендер озунор тососунар ошентип арак шарап кылып калп эле суйлой бересинер адал харам деп
20.12.2017. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Олкобуздо канчалаган проблемаларыбыз бар, мынчалык дунгуротпой ырымын кылып балатыны жасап анан калганын ошол проблемаларга жумшасак жакшыраак болмок эле
20.12.2017. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kechirmeni, ооба андан коро жолок пулду ары бери суйрой бербей чечип коюшса болмок. Той топурга ушундай нерселерге азыраак коротуп акыйкат баалап 10 сомду 25 сом деп жазбай ак иштешсе элге мамлекетке деле пайда го
20.12.2017. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Ушу сайтта олтуруп алып ар кайсыны жазасынар. Балатыны арзан жазаса дагы жаман жакшы жазаса дагы жаман, жоон жумушунарды кылгылачы. Сынчынын сынар отугу майрык дегендей.
20.12.2017. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Akshumkar, сен адамдарга акыл уйротпой, биринчиден жазышты уйрон. Жазаса дебей, жасаса деп жазсан туура болот.
20.12.2017. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ушунча милион кетирип не кылышат экен Эми.Башына тартса котуно жетпеген мамлекете жашап атсак .Ошол акчаны кыйналган Уй булоо жетим жесирлерге Белек берип койсо ошол пайда болсо керек.
20.12.2017. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озбек Таджиктердин да аянтында болобу Ёлка
20.12.2017. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ичим орттонуп жатат кайран акча ошол акчага канча адамдын омурун сактан канча адамга уй белек кылсак болчудай эх
20.12.2017. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Озу бизге не жагат эч тушунбойм жаса кокуй акча кетти дейсинер жасабай койсо кокуй олдук бизде шаар эч жасалгасыз дейсинер
20.12.2017. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул жазалбаган кундода бул акчаны мерия эчкимге бермек амес мерия кайрымдуулук менен алектенгенин коро элекмин андан коро бобокторго жакшы болду кооз кылып жазаганы бобоктор олко кризисте тураарын же карызга алып атканын тушунбойт жон кана менин кыргызстаным кооз биздеда кинодогудай балаты бар деп кыялданышат мен ойлойм баары бобоктор учун болду деп. Уйдо кичинекей бала деле тигини муну алып бер деп ыйлайт акчан жок экенин тушунбойт . Ошол сыяктуу эле бобоктор учун жакшы эле болду .
20.12.2017. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
daiyrbek01, сиз туура айттыныз ар бир адам кылса болот кайрымдуулук иштерди байлар коп жардам берсин ошолор даже 1 айга жете турган тамак ашын бар болсо баарыбыз колунда жок адамдарга жардам берсек болот
20.12.2017. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
daiyrbek01,бобоктор учун эле эмес жалпы эл учун майрамдык маанайды которот .Бишкеке келген меймандарга да жакшы маанай тартуулайт.Эн сонун.Эсимде 2013-жылы атам апам Бишкеке келии неберелери менен ёлка коробуз эстелике суротко тушобуз дер чыгып ойунчугу жок калган жалгыз арчага туш болгонбуз.Ошол суротту коргон сайын зээним кейийт атакем бул дуйно менен кош айтышты.Кайрадан биз Бишкеке бара албадык.Дагы жылыныздар менен.Жакшылыктардын жылы болсун.
20.12.2017. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ой, бай.Кызыксынар силер.Дуйно жузу майрамдаган майрамда,биз дагы жаны жылдык маанай менен откорсок кандай жакшы.Ошонуда отуруп алып, жамандайсынар.Анан барып алып суротко тушуп, "дагы бир нерсе кошуп койсо болмок"дейсинер.Мамалекет-аянтты кооздобой,ошондой жакка акчаны жумшаганда силер билбейт болчусунар.Анан аянтты да кооздобогондо"Акчаны мамлекет эмне кылат?"деп ошондо дагы ыраазы болбойт эленер.Жонэлеадамдын журогун жылыткан "Ооба аянт абдан коозболуп калыптыр.Жаны
20.12.2017. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Турмушубуз эшек араба мындай елканы бизге ким койду десенер....
Олум менен алышып жаткан, элден жардам, операцияга акча таппагандарды ара кундо сайттардан коруп калам.(( ошол оорукчандарга берсек болбойбу? Же алар ооруп жата берет силер бирин маймыл, экинчин ит, учунчун эшек, дагы бирин аюу болуп елка айланганынар жакшыбы?
20.12.2017. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Анан жаны жыл кутуп, ошол куну тилек тилеп тоскон адам ыймандан чыгат экен... Келме келтирип тообо кылып бул майрамды тоспой эле койсонор жакшы болот..
Bek_abad түзөттү 2017-12-20 19:20:31
20.12.2017. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаңы жыл тоспой койсок бизди ким урушат бир күн үчүн ушинтип 15 миллион акча жумшап эмне кереги бар? Эмне акчабыз ашып ташып жаткансып акча чачабыз башка өлкөлөрдөн акча сурай берип тилемчи болдукко
20.12.2017. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
15,500000 чондор учун коп деле сумма эмес да. Ошого бизге окшоп козу чекчейип кетпейт мындай суммага.
20.12.2017. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Динибизде 2 майрам бар, Курман айт, Орозо айт. Калган даталар протестант, католик, православдардын чыгарган каада салты болгондуктан майрам деп майрамдоонун озу куноо. Ким Аллахтан коркуп Куранда айтылгандарга баш ийсе майрамдабайт. Ким кайсы коомдун майрамын майрамдаса сурак куну ошолордун коомунда болуп тирилет деген бар динибизде.
21.12.2017. 08:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
jbolotov,+++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++
20.12.2017. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Калп эле каапыр, тиги бу деп калабыз.Каапырлар чыгарган техникаларды колдонуп эле журобуз го.Ошондуктан туугандар динге, улутка болунбой эле койбойлубу.Каалагандар майрамдай беришсин, каалабагандар майрамдабай эле койолу.Бул жерде айтышып дешип урушкандан пайда жок.
20.12.2017. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми болоору болду. Кийинки жылга суртуп тазалап катып койгула.Кайрадан миллиондорду корото бербей. Ысыраптын да чеги болот...
tnt_ostrof түзөттү 2017-12-20 22:47:09
20.12.2017. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул деген каапырлардын майрамы качан бизде жоюлат билбейм оорулууларыбыз саргайып айнек тиктеп жатат. Боинг кырсыгынан канча уйбуло бузулду ошолорду жай жайына койбойбу жок дегенде 5 млн менее уф качан онолобуз аааа
20.12.2017. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жок боптур ошончо болуптур бир эле елканы орнотуп жарыктандырып кой болду каалооочулар айланып бийлесин калганынын бизге не кереги бар
21.12.2017. 05:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ото эле коп акча сарптап жибериптир го, жылтырагынар 10 кундон кийин жок болот, пайдалуу ишке жумшалса болмок
21.12.2017. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
salimbek87.kg, этика нормаларын сактаңыз.
21.12.2017. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайран гана миллиондор биз тологон салыктар ошончо акчага поликлиникаларды ондошсо Боло алыс айыл эмес бишкектикин жок легенде кыргызмын деп мактанып патриот болойун дейсин бирок
21.12.2017. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ысырапкорчулуктун да чеги болот мынча акчаны ооруп операция жасата албай жургондорго бергиле каары картан майыптарга бергиле балдар уйуно бергиле ушундай эле акчанар батпай атса
21.12.2017. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бай мамлекет болсок бир жон
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: