super.kg logo

2018-жылы модадан кала турган кийимдер

 

Мода дүйнөсүндөгү жаңылыктар жыл сайын эмес, ар мезгил сайын алмашып турары талашсыз. Ошентсе да айрымдар көнгөн кийимдерин таштоого батынбай модага карабастан эле кие беришет. Чет элдик стилисттер алардын арасынан төмөнкү кийимдерди келе жаткан жылы колдон келишинче колдонуудан чыгаруу туура боло турганын баса белгилешет.

Мындай тор колготкилер 2016-жылы мода болгон. Ага карабастан бул жылы да аны кийгендердин саны көп катталган. Андыктан келе жаткан жылда эч кандай торчосу жок кадимки капрон колготкисин колдонууга аракет кылыңыз.

Бул бут кийимдерди өткөн жылдан тарта көптөгөн мода сүйүүчүлөр кийишти. Бирок 2018-жылы мындай бут кийимдер стилисттер тарабынан бааланбай турганы айтылат.

Хакки түстөгү бомберлер 2 жылдан бери күз айынын эң көп кийилген кийимдеринин катарын толуктап келсе, келе жаткан жылы мындай сырт кийимдердин ордуна жаңы нерсе сатып алганыңыз оң.

2018-жылы бардык береткалар модада болот. Бирок булгаарыдан тигилген баш кийимдердин модасы соңуна чыкты.

Мындай кедалардын мода болгонуна бир канча жыл болсо да, көпкө чейин актуалдуулугун жоготпой келген. Эми стилисттер келе жаткан жылы мындай кедаларды сапаттуу спорттук бут кийимдерине алмаштырууну сунушташат.

Белдемчилер да келе жаткан жылы колдонууга сунушталбайт. Анын ордуна классикалык курларды тагынсаңыз, көркүңүзгө көрк кошулат.

2017-жылдын негизги модасына айланган Louis Vuitton`дун көйнөктөрү да келе жаткан жылы актуалдуулугун жоготот.

Мындай көз айнектердин модадан калганына бир топ убакыт болгонуна карабай, тагынып жүргөндөрдүн аягы дагы да болсо сууй элек. Андыктан келе жаткан жылы саркечтердин катарын толуктагыңыз келсе, бул көз айнектерди колдонуудан чыгарып койгонуңуз туура болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(17)
20.12.2017. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Сылыгынан ылыгы,мода кууп кийгендер учун экендаа?!
21.12.2017. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kaninaiman,сулулуктан жылуулук дединизби?
20.12.2017. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Ит которгор да моодабы. Элестет бизде ит которуп жургон моода болуп калса. Айылда женелер актошту которуп алып журушсо олгучо соз болосун
20.12.2017. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bolunbo.kyrgyz,Хахаха
20.12.2017. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Модан Подан менен сенин
20.12.2017. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ынгайлуу жарашыктуу кийим ар дайым мода
22.12.2017. 03:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aznazalai,кошулам
20.12.2017. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мындай кийимдердин бири да менде жок... Бирок кеда сатып алайын деп жүргөм, мода болбой калган турбайбы ((((
20.12.2017. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Мындайлар биз учун эмес,акчабызга карап кийинебиз.Мисалы мен кече куздо хаки светте куртка сатып алдым.Буйруса жазда кийем куздо кийем,эскирбесе 2019 кийем буйруса.Башка светке алмаштырганга менде акча да жок каалоом да жок,айтып койгула ошентип стилистерге
tasnim түзөттү 2017-12-20 19:01:34
20.12.2017. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
tasnim,++++×ошода мен анча мынча кийимдеримди 3 4жылдан бери кийип журом дагы эле жакшынакай бойдон аларды дагы кийем буйурса моодасы жок эле
momun74 түзөттү 2017-12-20 19:16:24
20.12.2017. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мындай кийимдердин бирин да кийбейт экем
20.12.2017. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизгиси модада эмес,кийим таза жарашыктуу болсо болду,мода дегенге конул деле бурбайм.
21.12.2017. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Классический кийимдер модадан калбайт. Колдон келсе жарашыктуу, таза, ынгайлуу кийинсе, ошол мода.
Snejana түзөттү 2017-12-21 02:14:49
21.12.2017. 04:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен деле баары айткандай эч моода кууп кийбедим. Кандай жарашса ошону эскиргиче киемин.
21.12.2017. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Булардын бирин дагы кийбейм
21.12.2017. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мода подасына карабай эле даже студент кездеги кийимдерими кийип журом дагы деле. Ушунусуна да шугур
22.12.2017. 03:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар ким өзүнө жарашканын киетта кантип айтасын мындайды кийбе андай алып дешке эчкимдин акысы жок ар ким чөнтөгүнө жараша...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: