super.kg logo
  Саясат  

Адахан Мадумаров: "Жоопкерчиликке тартыла тургандар жумуштан көтөрүлүп жатат"

 

"Жоопкерчиликти эл да өзү көтөрө билиш керек", - деди бүгүн, 20-декабрда маалымат жыйында Адахан Мадумаров.

Ал коом кайдыгер болуп жатканын айтты. "Кечээ депутат Алмамбет Шыкмаматовду үч жарым миң доллар мамлекетке зыян келтирди деп 5 миллион сом айыпка жыкты. Жогорку Кеңеш сырттан келген унга кошумча нарк салыгын алып салуу боюнча мыйзам жазып киргизишкен. Натыйжада Кыргыз өлкөсүнүн казынасы 680 миллион сом зыян тартты. Ошол мыйзамды жазган адамдар эмнеге жазага тартылбайт? 680 миллион сомду 20 эсеге көтөрө турган болсок, 13 миллиард 600 миллион сом болот. Бул саламаттыкты сактоо тармагына 1 жылдык бөлүнө турган каражат. Эмнеге ошол мыйзамды жазган адамдар жоопкерчиликке тартылбайт? Бизде жоопкерчиликке тартыла тургандар жумуштан көтөрүлүп жатат", - деди Мадумаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 21 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: