super.kg logo

"Пирамида" телеканалын эми 33 жаштагы Аскат Алагөзов жетектейт (өмүр баяны)

 

"Пирамида" телеканалына жаңы жетекчи дайындалды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 20-декабрда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.

Берилген маалыматка ылайык, 18-декабрь күнү каналдын мурдагы жетекчиси Нурзада Токтогулова өз каалоосу менен жумуштан кетүү тууралуу арыз жазган.

"Пирамида" каналы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун балансында болгондуктан фонд жетекчиликке Аскат Алагөзовду дайындады. Алагөзов буга чейин каналдын жетекчисинин орун басары кызматын аркалап келген", - деп айтылат маалыматта.

Алагөзов Аскат Жумакадырович

- 1984-жылдын 18-июнь күнү туулган.

- 1992-2001-жылдары Бишкек шаарындагы №50-орто мектепте билим алган.

- 2006-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетин аяктап, кыргыз тили жана адабияты боюнча мугалим кесибине ээ болгон.

- 2011-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинде окуп, магистр даражасын алган.

- 2006-жылы эмгек жолун И.Арабаев атындагы КМУда маалымат катчы болуп баштаган.

- 2006-2007-жылдар. "Кабарлар" радиоберүүсүнүн кабарчысы;

- 2008-2012-жылдары "5-канал" ЖАКсынын журналист-баяндамачысы, атайын кабарчысы, парламенттик кабарчысы;

2012-2016-жылдары "5-канал" ЖАКсынын түз эфиринин продюсери;

2016-жылдын март айынан тартып "Пирамида" Медиа Холдингинин директорунун орун басары болуп иштеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
20.12.2017. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кантип эле оз калоосу менен кетсин.Тан калыштуу.Укумуштуулар сыры.
20.12.2017. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай туугандар мен эч нерсе деле окуган жокмун фамилиясын окугандан кийин,оой боорум йиий,коптон бери мындай куло элек болчум
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: