super.kg logo

Британиянын премьер-министринин аппарат башчысы порнографиянын айынан кызматтан кетти

 

Британиянын премьер-министринин аппарат жетекчиси жана премьер-министр Тереза Мейдин жакын тарапташы Дэмиан Грин министрликтин протоколундагы тартипти бузгандыгы үчүн кызматынан бошотулду. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жарыялады. Аппаратта иликтөө иштери жүргүзүлүп, андан соң жетекчинин тартип бузганына далилдер табылган соң ага өз эрки менен арыз жазып кетүүнү сунушташкан.

"Дэмиан Грин 2008-жылы кызмат ордунда жана жалпыга таандык иш компьютеринде порнографиялык мүнөздөгү материалдарды сактаган. Протоколдогу тартиптин негизинде аппарат башчыны суракка алганда ал жетиштүү далилдер менен актана алган эмес. Ошол себептен ага кызмат ордун бошотуу сунушталды. Мындан соң ал жумуштан кетүү тууралуу арызын берген", - деп жазылат маалыматтарда.

61 жаштагы Демиан Грин буга чейин 2015-жылы Кейт Молтби аттуу журналистке сексуалдык иш-аракеттерди жасаган деп күнөөлөнүп, бирок ал муну жалаа деп четке кагып койгон. Мунун арты менен ал 2008-жылдагы жумуш ордунда порнография көрүү кинесин дагы четке каккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
21.12.2017. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Хмм,мындай мыйзам менен иш алып бара турган болсо ,анда биздин атка минерлердин баары ,иштен кетип калышабы )))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: