super.kg logo
  Саясат  

Сапар Исаков Евро реконструкция жана өнүктүрүү банкынын өкүлдөрүн кабыл алды

 

Кечээ, 20-декабрда премьер-министр Сапар Исаков Евро реконструкция жана өнүктүрүү банкынын өкүлдөрүн кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө премьер-министр тараптар ортосундагы мамиле өтө бийик деңгээлде экендигин белгиледи.

Сапар Исаков өкмөт "Жаңы доорго кырк кадам" 2018-2023-жылдары жаңы программасын иштеп чыгаргандыгын жана анын ичинде Кыргыз өкмөтү жана өнөктөштөр ортосундагы үч программанын ишке ашышы эң артыкчылыктуу болуп саналат деп билдирди. "Алар: санариптик трансформациялоо "Таза коом" программасы, таза суу менен камсыз кылуу "Таза-Суу" программасы жана жаңы сугат жерлерин киргизүү "Ирригация жана суу менен камсыз кылууну өнүктүрүү. "Жаңы доорго кырк кадам" жаңы программасын өнүктүрүүдө биздин эл аралык өнөктөштөр активдүү кошулуп, ошого байланыштуу биз ошол программанын долбоорлорун натыйжалуу координациялоого жетиштик", - деди Исаков.

Жыйынтыгында премьер-министр дагы бир жолу Евро реконструкция жана өнүктүрүү банкы Кыргыз мамлекетинин маанилүү өнөктөшү экенин айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: