super.kg logo
  Саясат  

Депутат Зулушев: "Мамлекеттик кызматтар Абдыгуловдун, Кулматовдун, Зилалиевдин менчигиндей болуп калды"

 

Бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңеште Улуттук банктын төрагалыгына Толкунбек Абдыгуловдун талапкерлиги каралып жатат.

Анда "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Курманкул Зулушев эмне үчүн Абдыгулов кызматын тез-тезден алмаштырып жатканын сурады. "Эмне үчүн биринчи вице-премьер-министрликтен вице-премьер-министрликке, эми Улуттук банктын төрагалыгына кетип жатасыз? Негизги себебин айтып бериңизчи?" - деп Зулушев Абдыгуловго кайрылды.

"Мамлекеттик кызмат жеке менчик бизнес эмес да. Мамлекеттик кызматкер катары бизге өкмөт же президент болобу кайсы жакка барып иштей турганыбызды сунуштайт. Баш мыйзамдагы өзгөртүүгө ылайык, биринчи вице-премьер-министрликтен вице-премьер-министрликке өткөм. Улуттук банктын төрагалыгына президент Сооронбай Жээнбеков сунуш берди", - деди Абдыгулов.

Зулушев: "Кубанычбек Кулматов, Дүйшөнбек Зилалиев, сиз үчүн мамлекеттик кызматтар менчиктей болуп калды. Конституцияга шылтабаңыз, ал жерде Толкунбек Абдыгулов кетсин деп жазылган эмес. Эгер депутат шайланып калса деп жазылган. Мен сизге каршы эмесмин. Туура сунуш. Колдон келбеген жакка барбаш керек. Мамлекеттик кызмат оюнчук эмес", - деди ал.

Айта кетсек, 1-декабрдан баштап күчүнө кирген Баш мыйзамдагы өзгөрүүгө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты биринчи вице-премьер-министр болуп шайланса, анда ал мандатын тапшырбайт. Ошондой эле парламенттин жыйынында добуш берип, депутаттар менен эле тең болуп талкууга катыша алат. Өкмөттөн кетсе депутаттык орду сакталат.

Абдыгулов 2014-2017-жылга чейин Улуттук банктын төрагасы болуп иштеп келген. Быйылкы жылдын август айында биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалган. Андан кийин 17-ноябрда биринчи вице-премьер-министрликтен бошотулган. 22-ноябрда Жогорку Кеңеш вице-премьер-министр кызматына Толкунбек Абдыгуловдун талапкерлигин жактырган. 23-ноябрда тийиштүү буйрукка ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон.

Буга чейин Улуттук банктын төрагасы болуп Кубанычбек Кулматов эмгектенген. Ал Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалганына байланыштуу аталган кызматтан бошотулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: