super.kg logo
  Саясат  

Нарын. Облустук ардагерлер кеңеши өлкөдө болуп жаткан митингдерди колдобойт

 

4-июнда болуп өткөн маалымат жыйында Нарын облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Кайып Калназаров Жалал-Абаддагы жана Жети-Өгүздөгү митингдерди мыйзамсыз деп эсептей турганын билдирди. “Мамлекеттик мекемелерге уруксаты жок бастырып кирип алардын ишине тоскоолдук кылуу жана өлкөнүн экономикасына пайда алып келип жаткан “Кумтөр” ишканасынын ишин токтотуп, электр жарыгын өчүрүү мыйзамга туура келбеген иш да. Ал эми Камчыбек Ташиевдин тарапташтары андан өткөн мыйзамсыздыкка барышып, өлкөдө баш аламандык түзүп жатышат. Ташиев колу менен кылган ишине мыйзам алдында жооп бериши керек”,- дейт ал. Башка ардагерлер да өлкөдө бардык нерсе сүйлөшүү жолу менен чечилсе жакшы боло тургандыгын айтышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: