super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш Улуттук банктын төрагалыгына Толкунбек Абдыгуловдун талапкерлигин жактырды

 

Бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңеш Улуттук банктын төрагалыгына Толкунбек Абдыгуловдун талапкерлигин жактырды. Жашыруун добуш берилип, 86 депутат "макул" деп добуш берди. Ал эми "каршы" деп эч ким добуш берген жок.

Анын талапкерлигин президент Сооронбай Жээнбеков сунуштаган.

1997-2003-жылдары экономист, улук экономист, Улуттук банктын Инвестиция жана техникалык жактан координациялоо дирекциясынын жетектөөчү экономисти;

2005-жылы Улуттук банктын каржы бөлүмүнүн жетектөөчү экономисти;

2005-2006-жылдары аталган банктын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башкы экономисти;

2006-2007-жылдары "Маалыматтык келечек" коомдук комитетинин директору;

2007-2008-жылдары Чыгыш Европа жана Дүйнөлүк банктын Борбордук Азиядагы департаментинин кеңешчиси;

2008-жылы Борбордук Азиядагы Америка университетинде экономика кафедрасынын улук окутуучусу;

2008-2009-жылдары президенттик администрациянын экономика жана социалдык-саясий экономика бөлүмүнүн эксперти;

2009-2010-жылдары Өнүгүү, инвестиция жана инновация боюнча Борбордук агенттиктин стратегия жана программа кызматынын жетекчиси;

2010-жылы Экономиканы жөнгө салуу министрлигинде статс-катчынын убактылуу милдетин аткаруучусу;

2010-2014-жылдары өкмөттүн аппаратында экономика жана стратегиялык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы;

2014-2017-жылдары Улуттук банктын төрагасы;

2017-жылдын августунан ноябрга чейин биринчи вице-премьер-министр;

2017-жылдын 23-ноябрынан 19-декабрга чейин вице-премьер-министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: