super.kg logo

Аида Салянова ооруп калганына байланыштуу соттук отуруму кийинки жумага жылдырылды

 

Аида Салянованын иши карала турган соттук отурум анын ооруп калганына байланыштуу кийинки жумага жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Салянованын жактоочусу Чынара Жакупбекова билдирди.

Анын айтуусуна караганда, бүгүн боло турган соттук отурум Салянованын ооруп жатканына байланыштуу 25-декабрга жылдырылган.

Кечээ, 20-декабрь күнү Салянованын иши каралып жаткан соттук отурум түштөн кийин уланмак. Бирок анын ооруп калганына байланыштуу бүгүнкүгө жылдырылган болчу.

Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 10-октябрда Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн режимде 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
21.12.2017. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушу салянова дегени жаман хитрая экенда молодец сотту алдап коюп жатат эми Окум чыгат дегенде ооруп калат же кызы ооруп калат молодец бирок
21.12.2017. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жепжутарлар баары эле оорулуулар окшойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: