Дүйнө жүзүндө Жаңы жылга жакын балатылардын расмий эмес жарышы башталгандай. Анда эмесе кайсы өлкөдө кандай балаты орнотулганына саресеп салып көрөлү.
Литва, Вильнюс
Жылдын эң негизги майрамы Жаңы жылдын символуна айланган эң кооз балаты быйыл Литванын борбор шаары Вильнюста орнотулган. Анын бийиктиги 27 метрге жеткен. Өлкөнүн эң негизги балатысын кооздоого 2700 оюнчук жана эки катмар 70 миң кичинекей лампочкалары бар гирлянда керектелген. Кооздолгон жердин жалпы аянты 2 миң 500 чарчы метрге жеткен.
Тажикстан, Дүйшөмбү
Ал эми коңшу Тажик өлкөсүнүн борбор шаары Дүйшөмбүдөгү "Дутси" аянтында быйыл шаардын мэри Рустам Эмомалинин демилгеси менен светодиодук балаты орнотулган. Анын бийиктиги 25 метр болсо, диаметри 12 метрди түзгөн.
АКШ, Нью-Йорк
Ал эми Нью-Йоркто орун алган Американын башкы балатыларынын биринин чырагын жандыруу аземин шаардын мэри Билл де Блазио башкарып, миңдеген көрүүчүлөрдүн назарында узундугу 22 метрге жеткен балатынын чырагын жандырды. 50 миңден ашык ар кандай түстөгү лампочкалар менен кооздолгон балатыны салтанаттуу түрдө күйгүзүү аземи Нью-Йоркто 85-жолу өтүп жатат.
Казакстан, Астана
Боордош казак элинин эң негизги балатысы быйыл EXPO-2017 көргөзмө комплексинин аймагында орнотулган. Балаты менен гана чектелип калбастан, анын тегерегине муз комплекси ачылган. Шаар тургундары жана коноктор балаты көрүп эле тим болбостон муз тээп эс алуу үчүн бардык шарттар түзүлгөнүнө ыраазы.
Украина, Киев
Киев шаарынын "София" аянтында орнотулган Украинанын негизги балатысынын чырагын шаар мэри Виталий Кличко өзү жандырып, шаар тургундарына каалоо-тилектерин айтып өткөн. Негизги балаты орнотулган аймакка ар кандай таттууларды жана балаты үчүн оюнчуктарды саткан убактылуу дүкөнчөлөр ачылган.
Италия, Рим
Быйыл талкууга түшкөн балатылардын бири Римде орнотулган балаты. "Жылаңач" балаты атка конгон бул Жаңы жылдын символунун сүрөттөрү дүйнөдөгү бардык жалпыга маалымдоо каражаттарында жүргөн маалы. Италиялыктар бул балаты алардын майрам алдындагы маанайын көтөрбөй эле, тескерисинче, зээнин кейитип жаткандыгын социалдык тармактарга жазып чыгышкан. Маалыматка ылайык, өлкөнүн башкы балатысы орнотулганына 2 жума болгондо соолуп калган.
Кыргыз өлкөсү, Бишкек
Бишкек шаарынын борбордук "Ала-Тоо" аянтында орнотулган Жаңы жылдык балаты азыркы тапта шаар тургундарын өзүнүн кооздугу менен кубандырып турган чагы. Бийиктиги 25 метрге жеткен балатыны орнотуп жана кооздоого 1 миллион 200 миң сом сарпталган.
Автор: Айзада ТураркуловаФото: Интернеттен алынган
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
NIkalike,римдиктер бизге кайгырып аткан болуш керек. Экономикасы томон денгээлде туруп ушунча жасашат деп. Ошончо акча тратить этим. Ошол акчага уйу жок 3 уйбулоого уй келет
manas93kg, эми ар бир олконун озуно тиешелуу маселелери болот экен. Экономикабыз томон деп монгурой беребизби? Жок дегенде жылына бир жолу элдин, жаштардын, бобоктордун маанайын которуп койсо жакшы эмеспи. Ансыз деле мындан коп акчалар бир эле чиновниктин чонтогуно кирип кеткен учурлар толтура. Демек, радуемся.))) Жаны жыл жакшы жыл болсун, биздин балатыга окшоп ит жылы Кыргызстанга кооз болсун. Айтмакчы, келе жаткан жаны жылынар менен!!!( мен биринчи куттуктадым окшойт))).
Карап корсонор мусулмандарга тиешеси жок, бирок мусулмандар балатыны ото ото жасаган. Эми мусулман эместердин балатыларын карасанар..... негизи кимдин майрамы эле???????? Ойлонолу биз эмес башкалар жасаш керек эле. Эми бизге эч тиешеси жок нерсеге 15милион сарптадык деп мактанып отурабыз. Мусулмандар мактанбай тескерисинче уялыш керек уят уят уят.
KAYRATBEK,Мусулмандарга тиешеси жок дейсинер,динди бекем кармайт деп ишенген арабдар уялбай биз уялабызбы.Ёлканы жасабаган кундо деле ал акчалар кайрымдуулукка кетмек дегенге гарантия жок.Дагы бир билермандардын чонтогуно кетмек да.
Экономикабыз төмөн,ошончо акчаны бей-бечараларга бербейби дейсинер.Чындап эле ошончо акчаны кайрымдуулукка жумшап,жөнөкөй балаты жасашса дагы жаман жасап койду деп чыгасыңар.
Жаңы жыл келди жаш балбан
Кайраттанган шаттанган
Лыжа байлап бутуна
Узака сапар аттанган
Биздин ёлкага сөз жок сонун болуптур! !!
Бишкегим Бишкегим борборум сен (^-^)
Окуп олтурсан баары акылдуу ,башкалар булардын жанында тамга тааныбай турган сыяктуу!
Создон ишке отуш керек!
Жаны жыл жакшылыктын жылы болсун,
Ушул ыр тынчылыктын ыры болсун.
Элибизде береке пейиз болуп,
Ачыле елек коп нерсенин сыры болсун.
Эски жыл кырсыктардын жылы болду,
Канчалаган енелердин журогуно кайгы мун толду.
Карапайым калкка еч ким конул бурбай,
Коптон бери заманыбыз онолбоду.
Жаны жылда еми кырсык болбосун,
Аллах таала дайым озу колдосун.
Жаны окмот жакшылап жардам берсе,
Жараткан озу нысап бери
Кайраттанган шаттанган
Лыжа байлап бутуна
Узака сапар аттанган
Биздин ёлкага сөз жок сонун болуптур! !!
Бишкегим Бишкегим борборум сен (^-^)
өнүгүп өсө бер Мекеним КЫРГЫЗСТАН! !!!