super.kg logo

Сапар Исаков: "Көк бөрүнүн ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилиши – жалпы кыргыз эли үчүн зор жетишкендик"

 

Көк бөрү салттуу ат оюндарынын ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине Кыргыз Республикасынын атынан киргизилиши жалпы кыргыз эли үчүн зор жетишкендик. Бул тууралуу 20-декабрда премьер-министр Сапар Исаков Көк бөрү салттуу оюнунун номинациясын ЮНЕСКОнун тизмесине көрсөтүүгө жана ага даярдык көрүүгө салымын кошкон жумушчу топту сыйлоо аземинде айтты.

Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясына, өлкөнүн көк бөрү федерациясына жана көк бөрү боюнча улуттук курама команданын спортчуларына улуттук оюнду жайылтууга, кыргыз тарыхын жана маданиятын даңазалоого кошкон салымы үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирди.

"Бул жетишкендик жалпыбыз үчүн чоң жеңиш болуп саналат, биз сиздерге абдан ыраазыбыз. Мен сиздер мындан ары карай да өлкөбүздүн атын алыска чыгарган бул сыяктуу демилгелерди алга жылдырууңуздарды каалайм", - деди Исаков.

Премьер-министр белгилегендей, өкмөт өз тарабынан мындай демилгелерди ишке ашыруу үчүн колдон келген көмөгүн берүүгө даяр.

"Мен биздин спортчуларга жаңы ийгиликтерди, анын катарында эл аралык аренадагы жетишкендиктерди каалайм. Келерки жылы Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт жана жалпыбыз сиздердин жаңы жеңиштерге күбө болобуз деген ишенимибиз бар. Сиздерге ар дайым өлкөбүздүн желегин бийик көтөрүп жүрүүңүздөрдү каалайм", - деди ал.

Иш-чаранын соңунда өкмөт башчы "Көк бөрү – салттуу ат оюну" номинациясын ЮНЕСКОнун тизмесине көрсөтүүгө жана ага даярдык көрүүгө салымын кошкон жумушчу топтун мүчөлөрүнө активдүү иши үчүн алкыш каттарды тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
21.12.2017. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Зор деген биздин созбу же Нурсултан ака адаштыбы
21.12.2017. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Убагында Манас училтигин Юнеского киргизген карганбек самаковдун эмгеги зор болчу
Эмичи ошол адам турмодо жатат
21.12.2017. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул көкбөрү ат ойунун ЮНЕСКОго маданий мурас кылып киргизген Атамбаевдин шоопуру деп кайсы бир сайттан окудум эле огоо түзүк деп калгам. Көрсө шоопурду жандаган кошоматчылары калпты элге таратышыптырда. Ойлодум ошо бу(атамбайп,самара,асан,зилалиев,шоопур)лар эл үчүн иштешпейт эле кандай болуп кетти деп түзүк жеп ичкенин актаптыр деп,көрсө элибиздин мурасын башкалар өткөзгөн тура.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: