super.kg logo

Өлкөгө мыйзамсыз алынып келген жумурткалардын айынан бюджетке 60 миллион сом түшпөй калды

 

Өлкөгө жумурткаларды мыйзамсыз алып келүүдөн бюджетке 60 миллион сомдон ашуун акча түшпөй калган. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Бизнести өнүктүрүү жана инвестиция боюнча кеңешменин жыйынында канаттуу үй жаныбарын багуучулардын ассоциациясынын президенти Рустам Осмоналиев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, сырттан мыйзамсыз түрдө алынып келип жаткан жумурткалардан улам жергиликтүү ишкерлердин да иши жүрүшпөй жатат. Ошону менен бирге өлкөгө бул коррупциялык жол менен ташылып кирген жумурткалардан быйыл эле 60 миллион сомдон ашуун зыян келген.

"Биз 2017-жылдын март айынан тартып канча жумуртка киргени тууралуу маалымат алдык эле. Анда март жана май айларында 1 миллион сомдон ашуун салык түшкөнү айтылган. Бул болжолдуу 10 жүк ташыган унаа менен жумуртка кирди дегенди эле билдирет. Кийин дагы жумурткалардан түшкөн салык тууралуу маалымат сурадык эле. Анда ушул жылдын март айынан октябрь айына чейин 1,5 миллиондон ашуун эле сом түшкөнү белгилүү болду.

Бул маселе бизде шектенүүнү жаратып, Каржы полициясына кайрылдык. Натыйжада "Ак-Жол" өткөрүү пунктунан жумурткаларды документи жок алып өтүп бара жаткан адамдар кармалып, коррупциялык схеманын бети ачылды. Кийин бул факт боюнча көзөмөл пунктунун айрым кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Эми бул маселеге жакшы көңүл бурулуп, жакшы көзөмөл жүргүзүлүп турса жакшы болмок", - дейт Осмоналиев.

Премьер-министр Сапар Исаков аталган маселе учурда актуалдуу экенин айтып, Салык кызматын жана Финансы полициясын жакшылап көзөмөл жүргүзүшүп ага маалымат берип турууну тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: