super.kg logo

Кыргыз өлкөсүнүн жүк ташуучу компаниялары ЕАЭБде атаандаштык жарата албай жатканы айтылды

 

Кыргыз өлкөсүнүн жүк ташуучу компаниялары Казакстан жана Беларустун компанияларына атаандаштык жарата албай жатат, чет өлкөлүк ишканалар өлкөдөгү жүк ташуу тармагынын жарымын ээлеп алды. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Бизнести өнүктүрүү жана инвестиция боюнча кеңешменин жыйынында Жүк ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Темирбек Шабданалиев билдирди.

"Акыркы 15 жылдагы өкмөттүн саясаты жеке ишкерликке багытталып, ошону менен катар жүк ташуучу компаниялар да ушул багытта өнүгүштү. Бирок алардын көпчүлүгүндө 1 эле унаа бар, өзү айдоочу, компаниянын жетекчиси да өзү, анысы аз келгенсип эч бир тараптан колдоо да жок. Буга байланыштуу алар казакстандык, беларустук чоң компаниялардын алдында алсыз, атаандаштыкта туруштук бере алышпайт. Учурда Кыргыз өлкөсүнө жүк ташуунун тең жарымын да алар ээлеп алышкан. Бул абалга жараша чаралар көрүлүп, изилдөөлөр жүргүзүлүүсү керек", - деди Шабданалиев.

Андан сырткары ал учурда өлкөдө жүк ташыган 120дай компания бар экенин кошумчалады.

Ал эми премьер-министр Сапар Исаков аталган маселе караларын айтып, жергиликтүү жүк ташуучу компанияларга чет элдик компаниялар менен бирдей шарт түзүлүүсү керек экенин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
21.12.2017. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура
22.12.2017. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирдей шарт тузулуусу керек экенин билдирди дейт. Бирок кантип,кандай жол менен бирдей болушу керек экенин да айтып койсо болмок экен. Транспорттук-логистикалык тейлоо чет жердегилерге тен тайлашмак турсун,бизде жокко эсе. Ага шарт тузуш керек эмес,ошол жок нерсени туптош керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: