super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Кыргыз элинин кемчилиги - биримдиктүү эмеспиз, качан болсо бөлүнгөнүбүз бөлүнгөн"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыргыздардын кемчиликтери жана артыкчылыктары кайсылар?" деген тема талкууга алынган. Анда автор: "Эмнеге биз башка улуттардай болуп бири-бирибизге жардам берип, бири-бирибизди колдой албайбыз? Эмнеге өзүбүз кичинекей мамлекет болуп туруп түндүк-түштүк, уруу деп бөлүнөбүз? Буга ким күнөөлүү? Эмнеге бир кыргыз чоң ийгиликтерге жетишип дүркүрөп жатса аны көрө албай бутунан сүйрөп түшүрүп коёбуз? Бул эмне кыргыз калкынын канындагы мүнөзүбү? Сиздердин оюңуздарча кыргыз калкынын кемчиликтери көппү же артыкчылыгыбы?" - деген суроосун калтырган.

Темага колдонуучулар төмөнкүдөй пикирлерин калтырышкан:

"Кыргызым тайманбастыгы, эр жүрөктүгү менен айырмаланып турат. Кемчилигибиз - биримдиктүү эмеспиз, качан болсо бөлүнгөнүбүз бөлүнгөн".

"Кыргыздын артыкчылык сапаты бир нерсени тез кабыл алганында. Жакшыны деле, жаман нерсени деле тез эле үйрөнүп алат".

"Терс сапаттарыбыз - жалкоолугубуз жана ишенчээктигибиз. Жакшы сапаттарыбыз - карапайым, ичинде кири жок, жөнөкөй калк келебиз. Терс сапаттарыбызды жойгонубузда, балким, экономикасы өнүккөн алдынкы өлкөлөрдүн катарын толуктамакпыз".

"Кыргызымдын артыкчылыгы өзүнүн кемчилигин көрө билгенинде. Кемчилиги - өзү аны көрүп-билип, баамы жетип турса да оңдоого аракет кылбаган жалкоолугунда".

"Эмнеси болсо да кыргызбыз да" деп көп нерсеге кайдыгер караганыбыз кемчилик го дейм. Ал эми артыкчылыктар толтура".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
22.12.2017. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллага шугур. Кыргыздар теменедей калкпыз, бири бирибизге кайдыгер болбогон учун тийишип турмай адатыбыз бар. Мен бул кылыгыбызды жерге карап болунуу деп ойлобойм. Бул жон гана жылуу маанайдагы атаандашуу болушу мумкун. Башка улуттар саны коп болгону учун тундуктогусу туштуктогусун дурус билбесе деле керек.
22.12.2017. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aza030393, аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат. Эскертүү!
22.12.2017. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эу бөлүп жарбай чык эшикке
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: