super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин төрагасы Өзбекстандын президенти менен жолукту

 

Бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Ташкентте Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен жолукту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алгач Өзбекстандын президенти 2017-жыл эки өлкө ортосундагы мамилелер жакшырган тарыхый жыл болгонун белгиледи. “Досум жана бир тууганым Алмазбек Шаршенович менен мамлекеттер аралык маселелерди ачык-айкын талкуулап, сүйлөшүүлөр татаал болгонуна карабай ниетибизге жеттик. Эми президент Сооронбай Шарипович менен дагы кызматташуубузду мындан ары улантабыз. Соода-сатык көлөмүн кескин арттырабыз. Транспорт, темир жол байланыштарын жандандырууга өзгөчө көңүл бурабыз”, - деди Мирзийоев.

Дастанбек Жумабеков болсо өзбек тараптын чакыруусуна ыраазычылык билдирүү менен сөзүн баштады. “Менин алгачкы расмий иш сапарым бир тууган Өзбекстанда өтүп жаткандыгы өтө символикалуу. Жыйырма жыл аралыгында биздин боордош элибиз бири-бири менен эркин баарлашуу мүмкүнчүлүгүнө жетише албай, белгилүү жагдайлардан улам кысынып келишти. Бирок элибиздин чыдамкайлуулугу өз үзүрүн берди. Быйылкы жылы биздин жарандарды байланыштырган көп кылымдан берки тарыхыбыз, байыртан бери калыптанган достугубуз, руханий боордоштугубуз жаңы кубат-демге ээ болду”, - деди Жумабеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: