super.kg logo

Орто-Токой суу сактагычын башкарууну кыргыз тарапка өткөрүү сунушун Жогорку Кеңеш экинчи окууда колдоду

 

Жогорку Кеӊеште Ала-Бука районундагы Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын мамлекеттер аралык пайдалануу жөнүндө макулдашуу экинчи окууда жактырылды.

Келишимге ылайык, Орто-Токой суу сактагычын Өзбекстан менен бирге пайдалануу чаралары каралууда. Анда суу сактагычты кайтаруу, иштетүү, башкаруу укугу толугу менен кыргыз тарапка өтөт. Ал эми Өзбекстан суу сактагычты иштетүүгө кеткен чыгымды көтөрүү милдетин алат. Келишим мөөнөтсүз мезгилге түзүлүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин суу сактагыч Өзбекстандын пайдалануусунда болуп, ага ээлик кылуунун шарттары чечилбей келген. Буга чейин аны өзбек сакчылары кайтарып турган. Орто-Токой суу сактагычы чек арадан 13 чакырым ичкери жайгашкан. Анын жалпы аянты 850 гектарды түзөт. Сыйымдуулугу – 165 миллион куб метр. Топтолгон суунун 92 пайызын Өзбекстан, ал эми 8 пайызын Кыргыз өлкөсү пайдаланат.

Келишим ратификациялангандан кийин өзбек тарап суу сактагычта иштеген кызматкерлерге маяна катары жана электр чыгымдары үчүн 16-20 миллион сом өлчөмүндө каражат же жалпы чыгымдын 92 пайызын бөлөт. Кыргыз тарап үчүн жаӊы 60 жумушчу орун ачылмакчы.

Бул макулдашууга Жогорку Кеңештеги 101 депутаттан 100 депутат "макул", 1 депутат "каршы" деп добуш берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
21.12.2017. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Каршы чыккан ким экен?
21.12.2017. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бир тамчы сууну бекер бербеш керек оз элибизге жетип бут Кыргызстан суу менен камсыз кылып анан ашканын сатыш керек булар же газды казактар бензинди бекер берип жатабы 8 пайызын озу алып 92 пайыз газын бизге откозуп берип койдубу. Бензин газсыз кун ото берет а бирок суусуз адам жашай албайт кеч боло электе озубузго толук откоргуло иштей албасанар кеткиле тырмышпай
21.12.2017. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дагы белгисиз моонотко дегенине не дейсинер манкурттар тарс тарс айтып мындай андай дейтурган бир адам жок Соке да ондурбайт Кыргызстанды
21.12.2017. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Отклрууну эмнеге колдоп добушка коюш керек. Келишимдер боюнча ишти кылса болбойбу,
21.12.2017. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Толкнул менее Кыргыз тарапка отсун ушунча жылдан бери канча милярд падаланышты Эми кайтарып алуу кк
21.12.2017. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озгон районундагы КемпирАбад да (андижан суу сактагычы) туугандарга карайт. Ага кызыккан адам жок
21.12.2017. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соке брат бапылдап койгон эле шайлоо алдында,мен президент эле болуп калсам чыкпаган жерге да суу чыгартып берем деген эле,коро жатарбыз
22.12.2017. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алсыздыгын билдирди КР, Ыссык-Колдогу пансионаттар да туугандарга отту. Сат, сат, сат,сат,баарын сат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: