super.kg logo

Сапар Исаков Түркмөнстанда өткөн жабык имараттагы Азия оюндарында ийгиликке жеткен спортчуларды сыйлады

 
Жабык имараттагы Азия оюндарынын жеңүүчүсү Калы Сулайманов
Жабык имараттагы Азия оюндарынын жеңүүчүсү Алтынай Мамарасул кызы
Жабык имараттагы Азия оюндарынын жеңүүчүсү Алексей Кибкало
Жабык имараттагы Азия оюндарынын жеңүүчүсү Татьяна Когадей
Назира Марсбек кызы жана Мээрим Жуманазарова
Күрөш боюнча кыз-келиндер курама командасынын машыктыруучусу Нурбек Изабеков

Бүгүн, 21-декабрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өкмөт башчы Сапар Исаков Түркмөнстанда өткөн жабык имараттагы Азия оюндарында жеңишке жеткен спортчуларды алкыш кат жана акча менен сыйлады.

"Урматтуу спортчулар жана машыктыруучулар, силер менен Кыргыз эли сыймыктанат. Силер жогорку деңгээлди көрсөттүңөр. Силер өлкө үчүн күрөшүп жатканда биз баарыбыз колдоп жаттык. Кыргыз өлкөсүнүн капчыгы 70 медалга толду, алардын ичинде 13 алтын, 20 күмүш жана 37 коло медаль бар. Ошондой эле командалар арасындагы жарышта 60 өлкөнүн арасында биз 8-орунду ээледик", - деди Сапар Исаков.

Айта кетсек, жабык имараттагы V Азия оюндарында Кыргыз өлкөсүнөн 153 спортчу аттанган. Алардын ичинен 70 спортчу ийгиликке жетип, медалдарды тагынганга үлгүрүшкөн.

Иш-чаранын алкагында Кыргыз өлкөсүнүн премьер-министрдин буйругу менен спорттун өнүгүүсүнө салым кошкону үчүн, Кыргыз курама командасын мыкты даярдап, Азия оюндарында Кыргыз спортчулары ийгилик жаратканы үчүн Кыргыз өлкөсүнүн спорт түрлөрү боюнча федерациянын президенттери энчилүү сааттарга ээ болушту. Андан тышкары машыктыруучулар жана спортчулар алкыш каттар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды.

Азия оюндарында 1-орунду ээлеген спортчулар 50 миң сом сыйлыкка ээ болушту;

Азия оюндарында 2-орунду ээлеген спортчулар 30 миң сом сыйлыкка ээ болушту;

Азия оюндарында 3-орунду ээлеген спортчулар 20 миң сом сыйлыкка ээ болушту;

Ошондой эле спортчулардын машыктыруучуларына да акчалай сыйлыктар тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
22.12.2017. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: