super.kg logo

Кайсы облустун балатысы көз жоосун алгандай кооз? Жаңы жылга карата дубандардын даярдыгы

 

Эски жылды узатып, Жаңы жылды тосуп алар алдында майрамга болгон даярдык өлкөнүн бардык аймактарында кызуу жүрүп жаткан кези. Бул майрамдын башкы белгиси катары каралган балатылар өлкөнүн кайсы дубанында кандай жасалгаланды? SUPER.KG порталы ар бир облустун борборлоруна орнотулган балатылардын сүрөтүн топтоду.

Бишкек

Борбор калаабыз Бишкекте Жаңы жылды тосуп алууга даярдык кызуу жүрдү. "Ала-Тоо" аянтында бир жума бою орнотулуп жана кооздолгон эң негизги балатынын бийиктиги быйыл 25 метрге жеткен. Расмий түрдө балатынын чырактарын жандыруу аземи 15-декабрда өттү. Улуттук колориттеги оймо-чиймелер менен кооздолгон токой сулуусунун айланасында көптөгөн жаңы жылдык композициялар орнотулган. Жалпысынан шаарды майрамга карата жасалгалоого 15 миллион 500 миң сом сарпталган. Анын ичинен балатыны кооздоого 1 миллион 200 миң сом жумшалган. Ошондой эле ар бир мекемеге өзүнүн аймагын майрамга кооздоого тапшырма берилип, мэрия тарабынан сынак жарыяланган. Мындан сырткары соода борборлорунда жана Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониясынын алдына балатылар орнотулган. 31-декабрь күнү борбордук аянтта күндүзү жана кечинде майрамдык оюн-зоок концерттер өтөт. Кечинде уюштурулган концерт түнкү саат 12де атылуучу майрамдык салют менен аяктайт.

Ош

Түштүк борбор аталган Ош шаарында быйыл өлкөдөгү эң бийик балаты орнотулду. Бул токой сулуусунун бийиктиги 30 метрге жеткен. Өзүнүн кооздугу жана бийиктиги менен көздүн жоосун алган балатынын чырактарын жандыруу 20-декабрда өткөн. Балатыны жана Ош шаарынын борбордук аянтын жасалгалоо үчүн 1 миллион сом бөлүнгөн. Ал эми 31-декабрь күнү борбордук аянтта оюн-зоок иш-чаралары жана концерттик программа болот. Оюн-зоокторго активдүү катышып, жеңүүчү аталган тургундарга баалуу белектер берилет.

Каракол

Кереметтүү көл жергесинин Каракол шаарында майрамдык салтанат менен кечээ, 21-декабрда борбордук аянтта орнотулган балатынын чырактарын жандыруу аземи болуп өттү. Бул балатыны орнотуп кооздоого жана шаардын борбордук аянтын жасалгалоого 1 миллион 88 миң сом жумшалган. Анын бийиктиги 21 метрди түзөт. Балатынын чырактарын жандыруу аземи концерт менен коштолуп, шаар тургундары үчүн дискотека уюштурулду.

Нарын

Бийиктиги 15 метрге жеткен балатыны быйылкы жылы теңир-тоолуктар борбордук аянтка орнотту. Башка шаардагы балатылардан айырмаланып тоодон кыйылып келинген балатыны жана шаарды майрамга карата кооздоого 200 миң сом бөлүнгөн. Ошондой эле шаар тургундарына майрамдык маанай тартуулоо үчүн 31-декабрда оюн-зоок коштогон чакан программадагы концерт болуп өтөт.

Баткен

Баткен шаарында жаңы жылдык балатыны орнотуу иштери 21-декабрда башталган. Быйылкы жылы Баткенге балаты Орусиядан алынып келген. Майрамдын символунун бийиктиги 15 метрге жетип балатыны жана ал орнотулган аянтты кооздоого 123 миң сом бөлүнгөн.

Талас

Баасы 16 миң сомду түзгөн балаты Талас шаарына орнотулуп жатат. Жылдагыдан өзгөчөлөнүп быйыл шаардын борбордук аянтына орнотулган балаты кыйылып келген. Балатыны жана аянтты кооздоого жергиликтүү бюджеттен 95 миң сом бөлүнгөн. Азыркы тапта балатыны орнотуу жана жасалгалоо иштери жүрүп жатат. Балатынын чырактарын жандыруу аземи 25-декабрда өтөт.

Жалал-Абад

Быйыл Жалал-Абад шаарын Жаңы жылга жасалгалоого жергиликтүү бюджеттен жалпы 650 миң сом бөлүнгөн. Бул каражатка шаардын үч жерине балаты орнотулуп жана "Эркиндик" аянты жасалгаланган. Орнотулган балатынын бийиктиги 20 метрге жетет.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(47)
22.12.2017. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Нарында таазза эле кыш го
22.12.2017. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Баткендики жакты баарынан да
23.12.2017. 04:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
almanbetperm,Акчасына караганда эн эле жаманы Жалалабаттыкы экен эптеп эле эл козуно жасап койуптур илинип турган гирляндылар менимче беш жыл болду окшойт,антип жасагыча жасабай эле койбойсунарбы дегим келет бул менин жеке ойум
23.12.2017. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Suzak12,Туура айтасыз мас кишидей турат губернатор кундо коруп озу уялып атты бекен дейм да
22.12.2017. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул сурот бугун эле тартылганго Нарындыкы, себеби бугун эле каар жаады да. Кечинде тартканда сонун корунбой.
22.12.2017. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
myslimaaa,кечинде тартканда соонун корунуп калат
22.12.2017. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Бишкектин эс алуу аянты эс алуу аянты эмей эле унаа токтоочу жай болуп калганго.
22.12.2017. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
muslim87,
Мээлери иштебесе буттун шору да.
Акчаны чачыштарын билет да элди ЭС алдырып, эс алган эле шарттары жок!
22.12.2017. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эмнеге кыйып келишет? Эми анын ордуна башка арча осуп, чонойгуча 20-30 жыл кетет. Жасалма арча деле боло берет болчу
22.12.2017. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ош алгаа
22.12.2017. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Баарыныкы жакшы экен... Баарын карангыда тартыш керек болчу
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: