super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 22-ДЕКАБРЬ: Өмүрбек Текебаев 59 жашка чыкты

 

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 1958-жылы 22-декабрда Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Акман айылында төрөлгөн. Ал 1981-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика факультетин бүтүргөн. 1994-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган.

Эмгек ишмердүүлүгүн 1981-жылы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Токтогул атындагы орто мектепте физика мугалими болуп иштөөдөн баштаган. Текебаев 1981-жылдын ноябрь айынан тартып 1983-жылдын декабрына чейин Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1984-жылы армиядан кайткан соң ошол эле Токтогул айылындагы №5-орто мектебинде мугалимдик кесибин уланткан. 1986-жылдын апрелинен тартып 1987-жылдын октябрь айына чейин Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда лаборант, андан соң улуу лаборант болуп иштеген. 1987-1991-жылдары физика жана математика мугалими болуп орто мектепте эмгектенген. 1991-жылдын апрель айынан тартып Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясында монополияга каршы жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча башкармалыгында иштеген. 1991-1992-жылдары СССРдин Жогорку Кеңешинин мүчөсү, Республикалык Кеңештин юридикалык суроолор боюнча комитетинин мүчөсү болуп Москва шаарында иш өтөгөн. 1992-жылдын аягынан тартып 1994-жылдын февраль айына чейин Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары болгон. 1994-жылдын ноябрь айынан тартып “Ата Мекен” саясий социалисттик партиясынын төрагасы болуп иштеп келет.
Кыргыз ССРинин XII чакырылышынын, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын I жана II чакырылышынын депутаты болуп шайланган. 2000-2001-жылдары Жогорку Кеңештин II чакырылыштагы мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасынын орун басары болуп иш алып барган.
2002-жылы Конституциялык кеңешменин төрагасынын орун басары болуп дайындалат. 2005-жылдын март айында №26 Акман шайлоо округу боюнча депутат болуп шайланган, андан кийин төрагалык кызматты аркалаган. Ошол эле жылы Конституциялык кеңешменин төрагасы болуп дайындалат.
2010-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болуп шайланса, 2015-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышына депутат болгон.
Быйыл 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан Өмүрбек Текебаев күчөтүлгөн режимде 8 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми 2-октябрда Бишкек шаардык соту 21-ноябрда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаевге карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган. БШК Текебаевди 1-ноябрда мандатынан ажыратуу чечимин кабыл алган.
22-декабрга карата жылнаама.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: