super.kg logo

Орусияда мугалим окуучусунун чекесине "баа койду"

 

Орусиянын Ярослав облусундагы менчик мектептердин бириндеги мугалим 14 жаштагы окуучунун чекесине "даяр эмес" деп жазган. Орусиялык басылмалар жазгандай, мугалим окуучунун чекесине жазып жатканда ал кыймылдабай турушу үчүн башка балдар анын колун кармап турушкан.

Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарына бул кабарды облустук прокуратура таратып, өспүрүмдүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген экендигин билдирген. Окуучу мугалимдин бул жоругунан кийин башка мектепке которулуп кеткен.

Маалыматта жазылгандай, окуя ушул жылдын октябрь айында орус тили сабагында болгон. Өспүрүмдүн чекесине жазган мугалим бул боюнча: "Ал окуучу менин колума абдан ачууланып жаткан учурда туш болгон. Ал өзү көптөн бери сабакка даярданбай келип, сабакта тартипти бузуп, мугалимге тоскоолдук жаратып, күндөлүгүн бербей, сабактарды калтырып жүргөн", - деген.

"Бул боюнча прокурорлор текшерүү жүргүзүп, окуучулардын укугун жана эркиндигин мыйзамсыз чектеп жана бузгандыгы үчүн окуу жайдын директоруна карата административдик иш козгогон. Ал эми райондук прокурор мугалим жана окуу жайдын жетекчилиги өспүрүмгө келтирилген моралдык зыян үчүн компенсация төлөсүн деп арыз жөнөткөн. Учурда Ярослав облустук тергөө комитет башкармалыгы Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренеси (Өспүрүмдөрдү тарбиялоодо өз милдетин аткарбагандык) боюнча иш козгоо маселесин карап жатат", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(31)
22.12.2017. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Чектен ашып кеткенго эжеке!!!
22.12.2017. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен 7-классымда сабакта насыбай чегип отурсам мугалим сабак сурап калган, эмне кылышымды билбей коркконумдан жутуп алганмын, мугалим билбей калган.
22.12.2017. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
gulam,ай шорун каткыр,суранып эле эшике
Чыгып тукуруп албайсынбы,жуткан,жаман.
22.12.2017. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Окуп жургондо мугалимдин башымды доскага
Суздуруп сабаганы эсимде,чекем томуюп
Шишип журсо да эч кимге айткан эмесмин.
22.12.2017. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Тура кылыптыр камаш керек
22.12.2017. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
4-класста окуйт элем
Эжекем чекеме баалчайтып 2 койуп койгон
Так что я не удивился
22.12.2017. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
roland,ооу мага да боор менен жазып, очурбо деп урушту эле
zhanka1234 түзөттү 2017-12-22 12:23:35
22.12.2017. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Азыр эле кичине урушуп койсо өлтүрдү дешет илгери укаска сынып кеткиче сабасада эч кимге айтбайт элек себеби намыскөй болуп тарбия көргөнбүз
22.12.2017. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Jelezo,
Оо укаска менен саныма чаап канча укаска сынды.
Ай жаштык,ай окуучулук күндөр.
22.12.2017. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Биздин мугалимдердин канчасынан кордук мындайды даярданып келбеген окуучуга бешенесине балчайган 2ни коюп бурчка тургузуп коюшат эле. Дагы стул которгузуп да коюшат эле.
22.12.2017. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
altynaiB, азыр андай эмес окуучулур адамдар ан сезим оскон оз билгенин кылат
22.12.2017. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Bolunbo.kyrgyz, туура айтасын, мурдагылар мыйзамды тушунгон эмес, оз укугун билген эмес. 100койу болсо, 101чи болуп журо берген. Айылдарда башкарма (раис) радиоузелден адамдарды маскара кылып суйлосода эл унчукпай журо берген. Азыр адамдардын ан-сезими оскон, озунун укугун жакшы билет.
nurgaz түзөттү 2017-12-22 11:45:37
22.12.2017. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Bolunbo.kyrgyz, Ошол оз билгенин кылганы жаман да. Ар ким оз билгенин кылып чынын айтканда азыркы кээ бир жаштарда мыктай тарбия ар намыс жоопкерчилик жок анан да эн негизгиси билим денгээли отто томон. Чындыка чычалабаш керек айрыкча билим алуу жаатында окууга коп конул бурушпайт. Улуу муундарда тартип кучтуу болгондуктан билим алуу да сапаттуу болгон ар тармактан кучтуу адистер чыккан.
22.12.2017. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азыр кичине болсо эле менин укугум, сенин укугун деп бири бирибизге сыйыбыз кетип жатат. Илгери улууну урматтап кичууну ызаттап эле журушкон. Биз окуп жургондо бир агай, эки алгандардын пешенесине кыз бала дебей катуу чертчу. Ошонун черткенин коркуп эки албаганга аракет кылып окучубуз.
22.12.2017. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мектепте окуп жургондо эки алгандарды элдин алдына чыгарып уят кылышчу. Бул чекесине койсо дароо шоу кылышат.
22.12.2017. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мугалим жазалансын!!! Бир мугалимдин окуучуларга ата-энеси бай,кедейилигине карап мамиле жасананы тойгозчу.Жанымда отурган байдын кызы тушунбогон нерсесин сураса он жолу каййталоочу,а мен сурасам кулуп гана тим болгон.суроом жоопсуз калып
22.12.2017. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Pandora,азыр мугалимдердин бай кедей деп болгонун жазалаш керек кобойуп Кети
22.12.2017. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Э келтек жеп эле чоңойгонбуз. Азыр жани жок окуучулардын.
22.12.2017. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Агайлар урганда оооооуу деп туруп кулачу элем тарбия зынк болчу илгери
22.12.2017. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр коом өзгөрдү бизди сабап урса да эч нерсе айтпайт элек себеби күнөө бизден. Азыр мектептерде 85% аялдар мугалим ошого да окуучулардын жүрүм туруму өзгөрүп турат
22.12.2017. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биринчи жолу угушум чекеге баа койгонду!!!Жазасын алуусу керек албетте.
22.12.2017. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бизди эжеке агайлар,китеп жыртылгыча,сызгыч сынгыча урчу эле тартип бузсак.Унчукпай туруп берчубуз кунообузду сезип)))
22.12.2017. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Окуучу күн сайын даярданбай келсе эмне кылат??? Аз келгенсип бар күндөлүгүн бербесе. Туура эле. Мугалимдердин деңгээлин көтөрүү керек. Мугалимдердин маянасын көтөрүү керек. Кайсы кесиптин ээси болгонуңа карабай мугалим окутат, даярдайт. Мугалимдин айлыгы көтөрүлсө-бул өлкөнүн өнүгүшүнө салым болот!
22.12.2017. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
доска суздургонучу))))бизди да аябай сабачу бирок ата энеге айтсак,ата эне кайра бизди урушчу
22.12.2017. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мендагы шапалак жегемин мугалимден ,эч эсимен кетпейт ,азырда эстеп окуном неге Ата энеме айтпаганыма.айтканымда сазайын беришмек,себеби Ата эне чекеме чертчуда Эмес.катуу урган себеп жок эле.
22.12.2017. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Билип билбей эле окуучуну куноолой бербегиле.Бул окуучу инвалид болгондуктан,мугалими аны дайыма кемсинтип,басынтып келген башка окуучулардын козунчо,акырында каяша кылгандыгы учун жазалап,чекесине "баа" коюп койгон.Мугалимдин бул кылыгы ото эле аша чапкандык.Менчик мектеп болгондуктан,окуучунун ата-энеси бир топ эле акча толочу.Бул окуяда окуучунун эмес мугалимдин куноосу чон.
22.12.2017. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мугалим болгондон кийин баардык окуучуга бирдей мамиле жасаш керек. Бироонун баласын чекесине сызмак турсун катуу урушканга эскимдин акысы жок. Мугалим болуп иштебеши керек экен ошол.
22.12.2017. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мугалимден токмок жеп эле чонойдук жаман болгон жокпуз. Так что анча мынча уруп койсо болот.
22.12.2017. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бешинчи классымда 45 минут стол көтөрүп тургам,.,)
22.12.2017. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыр окуучулар да башкача , окууга конул жок . Даярданбайт жанталашып . Мугалимдик кесипке дээрлик окубай калышты , окуса да аз .Келечек кандай болоор экен .Анча - мынча жазалап туруу керек , бирок чектен чыкпай .
22.12.2017. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Темадан дагы комменттерди окуп жыргаймда кулуп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: