Каныбек Иманалиев: "Кумтөрдөн" жылына өлкөгө 11 миллион доллар түшсө, мигранттар өлкөгө 2 миллиард доллардан ашуун каражат которууда"

"Эмгек мигранттарыбыз биздин башкы инвесторубузга айланды. Миграция кызматы да мигранттарга колдоо көрсөтүү жаатында туура иш алып барып жатканы байкалды. Ырас, азыр анын чамасы чакталуу, бирок аракети бар. Мына, айтылуу "Кумтөр" долбоорунан жылына 11 миллион доллар өлчөмүндө каражат түшсө, мигранттарыбыз өз өлкөсүнө 2 миллиард доллардан ашуун каражат которууда. Эмгек мигранттары азыр өсүп-өнүгүүнү алып жүрүүчү катмар катары таанылууда. Алар өздөрү жашап-иштеген өлкөлөрдөн көргөн цивилдүү жакшы нерселерди алып келип, ал биздин кыртышта өсүп-өнөрү бышык. Ошондуктан биз эмгек мигранттарына карата мамлекеттик саясатты өзгөртүп, аларга жакындан колдоо кылышыбыз керек", - дейт Каныбек Иманалиев.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊеште социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитеттин демилгеси менен чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери тууралуу мыйзамдын аткарылышын талкуулоого арналган парламенттик угуу өтүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:17
2025-07-17

Рейтинг:
0

Комментарийлер(4)
Karban86

22.12.2017. 13:35
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
11 млн да толук тушсо жакшы болмок.
Jelezo

22.12.2017. 13:53
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кыргызстан кен казууга элүү жылга маратортий жарыялаш керек кен казуудан азыр убактылуу киреше түшкөн менен келечеги өтө чоң жоготууларга алып келет, көчкүлөр, зыяндуу калдыктар, мөңгүлөрдүн ээриши жана башка бир топ зыягдар
Assist

22.12.2017. 16:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Урматтуу Каныбек Капашевич 11 млн доллар Өлкөгө эмес пайдасы жок чиновниктерге тушот, ошондон улам чиновниктер Кумтордун адвокаты болуп келген
jbolotov

23.12.2017. 00:32
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
11млн берсе мындай ишкананы жабыш керек. Мигрантарыбыз эн биринчи орунда мамлекет учун пайдалуу иш кылганы учун эмгек китепчесин ачып пенсиялык камсыздоого жазылышы керек.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.