super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Талаптагыдай иштебей жаткан бахила сатып алуу үчүн коюлган аппараттар текшерилет" дейт оорукананын жетекчилиги

 

Эне жана баланы коргоо борборунда талаптагыдай иштебей жаткан бахила сатып алуу үчүн коюлган атайын аппараттар текшерилет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 22-декабрда Эне жана баланы коргоо борборунун директорунун орун басары Тойчубек Тургамбаев билдирди.

"Ал аппараттар биздики эмес, жеке компаниялар коюшкан, бизге ижара акысын төгүп турушат. Алардын эмне себептен талаптагыдай иштебей жатканынан биздин кабарыбыз жок экен. Азыр аппараттын ээлери менен байланышып, оңдоосун талап кылдык. Алар бир сааттын ичинде келип, текшерип, бузулуп калган болсо оңдошот же башка коюшат. Ага көнүшпөсө аппараттарын алып кетишет. Учурда аппараттарга "иштебейт" деген жазууларды илип койдук", - дейт Тургамбаев.

Айта кетсек, буга чейин окурман Эне жана баланы коргоо борборундагы бахила сатып алуу үчүн коюлган атайын аппарат талаптагыдай иштебей жатканын, акча салса бахила да бербей, акчасын да кайтарбай жатканын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
22.12.2017. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироону коюп койсун аппараттын жанына акчасын кайтарып бере турган же бахила бере турган аппарат китайский го чпмасы)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: