super.kg logo
  Саясат  

Миграция кызматынын төрагасынын орун басары: "Орусиядагы мигранттар эмгек акысы төлөнбөй жаткандыгы боюнча көп кайрылышат"

 

Миграция кызматынын төрагасынын орун басары Алмаз Асанбаев Орусиядагы мигранттар эмгек акысы төлөнбөй жаткандыгы боюнча көп кайрыла турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-декабрда “Республика-Ата Журт” фракциясынын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Орусиядагы миграция кызматынын өкүлдөрүнө жыл башынан бери 2 миң 289 арыз түшкөн. “Миграция кызматы Орусиянын 9 аймагына өкүлчүлүк ачты. Аталган өлкөдө эмгек акысын ала албай кайрылган мигранттар көп. Арыз боюнча жалпы сумма 102 миллион долларды түзөт. Биз 32 миллион доллар эмгек акыны алып бергенге жардам бердик. Ал эми калган сумма боюнча Орусиянын укук коргоо органына кайрылдык”, - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: