Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандары Иерусалимди Израилдин борбор шаары деп табылышына каршы




















Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандары Иерусалимди Израилдин борбор шаары деп табылышына каршы. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда Бишкек шаарында жайгашкан Максим Горький атындагы сейил багында өткөн тынчтык митингинде жаш активист жана митингдин уюштуруучуларынын бири Алтынбек Айтматов билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандар биримдиги жана дин башкармалыгы АКШнын президенти Дональд Трамптын Иерусалимди расмий түрдө Израилдин борбору деп жарыялаганына макул эмес экендиктерин билдирүү үчүн тынчтык митингине чыгышкан.
"Биздин максатыбыз Кыргыз мусулмандары Американын Иерусалимди Израилдин борбор шаары катары таанышына каршы экенибизди билдирүү. Байыртадан бери мусулмандар үчүн ыйык деп эсептелген 3 шаардын бири болгон Иерусалим тууралуу мындай чечим чыгаруу дүйнө жүзүндөгү мусулмандардын нааразычылыгын жаратып, Израиль менен Палестина аскерлеринин ортосундагы тирешти курчутуп жатат", - деп билдирди Айтматов.
Митингге укук коргоочулар, Кыргыз өлкөсүндө жашаган палестиналык студенттер жана бул маселеге кайдыгер карабаган жарандар чыккан.
Айта кетсек, кечээ, 21-декабрда БУУнун Башкы ассамблеясы Иерусалимди Израилдин борбор шаары деп атоого каршы добуш берген. Добуштардын жыйынтыгында 128 мамлекет АКШны бул чечимден баш тартууга чакырса, 35 мамлекет добуш берген эмес, ал эми 8 өлкө АКШны колдогон.
Эскерте кетсек, АКШнын президенти Дональд Трамп Иерусалимди расмий түрдө Израилдин борбору деп таанууга мезгил жеткенин белгилеп, АКШ элчилигин Тель-Авивден Иерусалимге көчүрүүгө даярдыктарды баштоону тапшырганын билдирген.
Кыргыз мусулмандары Американын сунушуна каршы

Кана чала молдолор в "атаку", баштагыла акылынарды.
Болсо онугуу болот.