super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков Улуттук энергохолдингдин башчысын кабыл алды

 

Бүгүн, 22-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук энергохолдингдин башчысы Айбек Калиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысына кошумча энергетикалык кубаттуулуктарды киргизүү боюнча ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берилди.

Сооронбай Жээнбеков энергетикалык тармак өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы чоң алдынкы тармак экенин белгиледи.

Айбек Калиев мамлекет башчысына Кыргыз өлкөсүндө энергетикалык систем туруктуу тартипте иштеп жатканын, өлкө боюнча электр энергиясын колдонуу саатына 61 миллион киловатты түзгөнүн билдирди.

“20-декабрда Токтогул ГЭСинде экинчи трансформатор ишке киргизилген жана бүгүнкү күндө Токтогул ГЭСинин орнотулган кубаттуулугу 1100-1200 мегаватты түзөт. Биз Бишкек шаарынын ТЭЦине болгон оорчулукту 420дан 370-350 мегаватка чейин жеңилдеттик. Бул отун жана каржылык ресурстарды үнөмдөөгө дагы багытталган”, - деди Калиев.

Ал аймактарды өнүктүрүү концепциясын эске алуу менен энергетикалык тармакты 2018-жылга карата өнүктүрүү планы менен концепциясы иштелип чыкканын маалымдады.

“Биз ар бир облус боюнча планды иштеп чыгып, эми 2023-жылга чейин генерациянын кайсы булактары аркылуу иштей турганыбызды пландаштырып жатабыз”, - дейт Айбек Калиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: