super.kg logo
  Саясат  

Темирбек Ажыкулов: "Таза коом" долбоору ишкерлер үчүн жакшы шарт түзөт"

 

“Таза коом” долбоору ишкерлер үчүн жакшы шарт түзөт”, - деп бүгүн, 22-декабрда “ЖИА” бизнес-ассоциациясынын төрагасы Темирбек Ажыкулов "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, долбоор ишке ашса кошумча жумуш орундары пайда болот. “Көпчүлүк азырынча санариптик трансформацияны түшүнбөй жатат. Биз бир нече убакыт Сингапурда жашап калдык. Ал жакта санариптик систем иштегендиктен бардык мамлекеттик тейлөөлөрдү үйүнөн чыкпай алышат. Кыргыз мамлекетинде дагы ушул системди ишке ашыруу максатында “Таза коом” долбоору киргизилип жатат. Бул биз үчүн абдан жакшы. Системди ишке ашыра алсак мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө жеңилдиктер болуп, коррупция жоюлат. Ишкерлер үчүн дагы жакшы шарт түзүлөт”, - деди.

Ал билдиргендей, маалыматтын жетишсиздиги бизнес үчүн көптөгөн зыяндарды алып келет. “Мисалы, биз азыр ар кандай иш кагаздарды толтуруп, кайсы жакка кетип жатканын билбейбиз. Ал эми санариптик систем орнотулса иш кагаздар кайсы жакка барып түшкөнү боюнча маалыматтар болот. Жакында премьер-министр министрлердин, мекеме жетекчилердин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары ишке кирише турганын билдирген. Бул жакшы идея. Булардын бардыгы кагаз түрүндө калбай ишке ашуусу зарыл”, - дейт.

Ошону менен катар эле ал министрлер кабинетинин 100 күндө аткарган иштери тууралуу сөз кылды. Анын айтымында, 100 күндүн ичинде "Кумтөр" боюнча макулдашуу, ипотека алууда пайыздык үстөктөрдүн төмөндөлүшү, маалымат күркөлөрүнүн ачылышы, мектеп, бала бакчаларында электрондук кезектер пайда болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: