super.kg logo

БШК сот өкүмү чыккан Алмамбет Шыкмаматов депутаттык мандатынан кайсы учурда ажыратыла тургандыгын айтты

 

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев сот өкүмү чыккан "Ата Мекен" парламенттик фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовду депутаттык мандатынан ажыратуунун жол жобосун айтып берди.

"Учурда райондук соттун өкүмү чыкты. Алар жогорку инстанцияга кайрылбаса чечим он күндүн ичинде күчүнө кирмек. Бирок Шыкмаматов шаардык сотко кайрылды. Шаардык соттун чечими дароо күчүнө кирет. Эгер сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырса Шыкмаматовдун мандатынан ажыратууга негиз болот. Андан кийин Баш мыйзамга жана депутаттык статус боюнча мыйзамга ылайык, БШК 30 күндүн ичинде мандатынан ажыратууну карайбыз", - деди Осмоналиев.

"Шыкмаматовдун Жогорку Сотко да кайрылууга укугу бар. Жогорку Сот күчүнө кирген чечимди эле көзөмөл иретинде карайт. Бул бир аз убакытты созушу мүмкүн. Эгер сот чечимдери Текебаевдин ишин карагандай туруктуу болсо, эң көп дегенде эки ай убакытта баары чечилиши керек", - деп кошумчалады Осмоналиев.

Белгилей кетсек, 19-декабрда Биринчи Май райондук соту депутат Алмамбет Шыкмаматовду күнөөлүү деп таап беш миллион сом айып салган. Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп айыпталган.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
22.12.2017. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сөздүн кыскасы Ата мекенчилерди саясаттан биротоло жок кылышат экен да. Этият болгула Ата мекенден өзүңөр куулуп кетпегиле экс президенттердей жана алардын командаларындай.
23.12.2017. 02:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Текебаевдин ката кетирген жери 2010-жылы Бүтүн Кыргызстанды шайлоодо жеңип турган жеринен парламентке киргизбей койгондугу . Мадумаров Жогорку Кеңеште болгондо бүгүнкү күндөгү окуялар башкача болмок МЫНА текебаевдин артынан Шыкмаматов... дагы ким???
23.12.2017. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайтар дуйно бир куну кайтып келет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: