super.kg logo
  Саясат  

Орусиянын Пермь шаарындагы кыргыз мигранттарынын кыргызстандыктарга кайрылуусу

 

Орусиянын Пермь шаарындагы "Кыргызстандыктар союзу" коомунун төрагасы Асылбек Алымкулов аталган шаарда иштеп жаткан кыргыздардын атынан Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга байланыштуу кайрылуу жасады. Бул тууралуу “Замандаш” ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирет. Кайрылуунун мазмуну төмөндөгүдөй:   

"Урматтуу мекендештер! Азыр Кыргызстанда болуп жаткан баш аламандык окуялар бир гана Кыргызстанда жашаган элдерди эмес, башка өлкөлөрдө жашаган мекендештердин жүрөгүн оорутпай койбойт. Кыргызстанда буга чейин канча пикеттер жана митингдер болуп өттү. Ошол митингдердин аягында кырчындай жигиттерибиздин өмүрү кыйылып, канча деген ата-энелер балдарынан, наристелер аталарынан ажырап, жетим калып, зыркырап ыйлап  отурушат.  

 

Урматтуу кыргыз элим, ойлоно турган мезгил келип жетти. Бул митингдердин аркасында бирөөлөр турганы бардык элге дайын болуп турат. Биздин элге бир гана тынчтык, достук жана ынтымак керек. Ар бир Ысык-Көлгө барган турист кооздугуна суктанып, башка жакка барбашын айтып, сезон башталып отурганда бул нерсени тез арада токтотуш керек. Жараткан өзү элиме ыйман, сабырдуулук берсин".  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: