super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы "Кыргызмунайгаздагы" көйгөйлөрдү чечүү үчүн сунуштарды кароого киргизүүнү тапшырды

 

"Кыргызмунайгаз" ишканасын мындан ары өнүктүрүү жана модернизациялоо үчүн инвесторду тартуу керек. Мындай сунушту аталган компаниянын башкармалыгынын төрагасы Рашит Бостонов өкмөт башчы Сапар Исаков менен болгон кеңешмеде көтөрүп чыкканын 21-декабрда өкмөттүк аппараттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Бостонов өкмөт башчыга компаниянын актуалдуу көйгөйлөрүн айтып берди. "Бир нече жылдан бери ишканада бир топ көйгөйлөр орун алууда. Алар ириде компанияны башкаруунун төмөнкү натыйжалуулугу, продукция өндүрүүдөгү туруксуздук, запастардын жогорулатылбай жаткандыгы, мазуттун талапка ылайык эмес өндүрүлүшү, ошондой эле Жалал-Абад шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү заводдогу күйүүчү-майлоочу материалдарды кайра иштетүүнүн төмөндөшү менен байланыштуу", - деп маалымдады Бостонов.

Анын айтымында, учурда мунайды кайра иштетүү менен "Кыргызмунайгаздын" туунду компаниясы - "Кыргыз Петролеум Компани" алектенүүдө.

"Ал Евразиялык экономикалык биримдиктин талаптарына жооп бербеген бензин жана дизелдик отун өндүрөт. Заводдун продукциясы талаптарга дал келүүсү үчүн аны модернизациялоо зарыл, аны олуттуу инвестицияларды тартуусуз ишке ашыруу мүмкүн эмес.

"Кыргызмунайгаз" тарабынан мунай жана газды өндүрүү чоң эмес көлөмдө жүрөт. Тактап айтканда, 2016-жылы 94,4 миң тонна мунай жана 28,92 миллион кубометр жаратылыш газы өндүрүлгөн. Газды өндүрүүнүн бул көлөмү менен республиканын түштүк аймагынын калктуу пункттарын толугу менен газдаштырууга мүмкүн эмес. Компания ишине инвестиция тартылбастан, учурдагы абал сактала берсе, Жалал-Абад шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү заводдун резервуарлары отун мазутуна толуп калуусу ыктымал. Эски технологияларды пайдалануунун натыйжасында өндүрүштүн өздүк наркынын жогорулашына байланыштуу чийки мунайды кайра иштетүүнүн жана мунай продуктуларын сатуунун токтоп калуу коркунучу бар", - деп кошумчалады ал.

Бир катар көйгөйлөрдү белгилөө менен өкмөткө "Кыргызмунайгаз" ишканасын мындан ары өнүктүрүү жана модернизациялоо үчүн инвесторду тартуунун максатка ылайыктуулугун кароо сунушу менен чыкты.

Маалыматты уккан соң Сапар Исаков өкмөт аппаратынын тийиштүү бөлүмүнө Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети жана "Кыргызмунайгаз" менен биргеликте беш күндүн ичинде абалды иликтеп, ишканадагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн сунуштарды кароого киргизүүнү тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: