super.kg logo

АКШ Камчы Көлбаевге каршы санкция салды

 

АКШнын Каржы министрлиги Орусиянын жана мурдагы СССРдин курамынан чыккан мамлекеттердеги 10 чакты "мыйзамдагы ууруларга" каршы санкция салды. Мындай маалымат мекеменин расмий сайтына 22-декабрда жарыяланды. "Кара тизмеге" киргендердин арасында Кыргыз мамлекетинин жараны Камчы Көлбаев да бар.

Ошондой эле "кара тизмеге" Орусиянын, Грузиянын жана Өзбекстандын жарандары киргизилген.

АКШ 21-декабрда да дүйнөдөгү укук бузууларга тиешеси бар деп айтылган бир канча адамдарга жана бир канча уюмга санкция киргизген. Тизмеде Өзбекстандын экс-президенти маркум Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнора Каримова, украиндик "Беркут" полкунун мурдагы командири Сергей Кусюк жана Орусиянын башкы прокурору Юрий Чайканын уулу Артём Чайка бар.

Айта кетсек, Көлбаевге "адам уурдоо", "мыйзамсыз курал-жарак сактоо жана аны алып жүрүү" сыяктуу оор кылмыш беренелери боюнча айып тагылып, ал 2012-жылы 8-декабрда ал Бишкекке Дубайдан келип, өз ыктыяры менен колго түшүп берип, камакка алынган.

2013-жылдын 18-октябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту аны "акча талап кылуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 5 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Кийин Көлбаевдин жактоочусу Сергей Манукян соттун чечимине макул эместигин билдирип, Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Шаардык сот Көлбаевдин жаза мөөнөтүн 3 жылга чейин кыскарткан. Буга да макул болбогон айыпталуучунун жактоочусу Жогорку Сотко кайрылган.
Жогорку Сот 2014-жылдын май айында Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырган. 2014-жылы 8-июнда Камчы Көлбаевдин жаза мөөнөтү аяктап, эркиндикке чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
23.12.2017. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Камчы Көлбаев дегенди такыр таанычуу эмес экемин .Бирок АКШнын бөлөк маммлеккеттердин адамдарына карата кылмыш козгоого же санкция жүргүзүүгө акысы барбы ?Калкка сулуу формада билдирүү жөнөтүп туруп ,ар өлкөнүн инсандарын тазалоо башталдыбы ?37-жылкы реперациянын жаңы иштелип чыккан үлгүсүнө окшоп жататго ....негедир,санқция дегендери .
MUHLISA түзөттү 2017-12-23 13:37:18
23.12.2017. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Охоо, кыргыздын жаман жактары АКШ га чейин жетиптир да. Окунучтуу
23.12.2017. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эээ булжерде башка нерсе бар Камчыны сатып алышмакчы АКШы анан Айтканын кылдырат
23.12.2017. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Okna,созундо жан бар
24.12.2017. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура кылат Америка молодец! Кыргызстан,Россия жб олколордо мыйзам жок! Байлар сотторду сатып ала берет,адамдарды атып кетип,крим чойросун кенейтип,бизнес кылып башын иштеткендердин канын соруп журушот.Америка адамдарды тоноп байлыгын афшордо сактагандарды,олкодон качып кеткендердин акчасын тондоруп,бетин ачып атат мунун эмнеси жаман?! Тушунуп тушунбой жаман дей берген да болбойт!
24.12.2017. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
pixduel1,туура айтасын Тууганым кээде ушул Орусияда жашап жатып ушулардын саясатынын ак,таза экенинде кумон санап кетем!кээ бир адамдардын ойунда Орусия эн онуккон адамдарынын жашоосу мыкты денгээлде деп ойлошот бирок жакшылап анализдесенер такыр андай эмес!жашоо бир канча оор!Кыргыздарым 14,15сааттап иштеп бир уйго кобу тыгылып жашап акча топтоп керегине жаратат.норма жашап корчу кысынбай адамдай болуп !биринчи айлыгын экинчи айга жетпейт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: