super.kg logo

Ысык-Көлдө кош бойлуу келин менен кошо дагы үч адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына күнөөлүү кыз 10 жылга шарттуу кесилди

 

22-декабрда Ысык-Көл райондук соту райондогу "Тез жардам" унаасы жол кырсыгына кабылып, 4 адам каза болгон факты боюнча козголгон кылмыш ишине карата чечим чыгарды. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна жактоочулук кылып сотко катышкан Болот Абдырахманов SUPER.KG'ге сот кандай чечим кабыл алганын айтып берди.

Анын кабарлашынча, сот Мерседес-Бенц унаасын башкарып баратып жол кырсыгына күнөөлүү болгон 23 жаштагы кызды 10 жылга шарттуу кесип, 3 жыл унаа башкаруусуна тыюу салды. Сот чечими күчүнө киргенден кийин кыздын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, ал үйүнө чыгарылат. Анын жүрүм-туруму 3 жыл Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын Бишкек шаарындагы Биринчи Май району боюнча жаза аткаруу инспекциясынын көзөмөлүндө болот.

Ал эми унаа ээси Т.Т. аттуу жаран болгон. Ага жабырлануучу тараптар тосмо арыз жазып бергендиктен сот тарабынан жоопкерчиликтен бошотулду.

Жактоочу Абдырахманов "Тез жардам" унаасы боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дооматы сот тарабынан кароосуз калтырганы туура эмес чечим болгонун белгиледи.

"Жол кырсыгына кабылып жараксыз болуп калган унаа 1 миллион сомго жакын акчага 2 жыл мурун эле сатып алынган болчу. Ошондуктан аны төлөтүп алуу үчүн доомат коюлган. Бирок сот дооматты кароосуз калтырды, чогуу эле карап чыгыш керек эле. Соттун мындай чечиминен кийин күнөөлүү тарап унааны төлөп бербей коюшу мүмкүн. Жакынкы күндө соттун чечими колубузга тийсе облустук сотко доо арыз менен кайрылабыз", - деди ал.

Эске салсак, 2017-жылдын 1-октябрга караган түнү саат 3:00 чамаларында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда "Тез жардам" унаасы жол кырсыгына кабылып, ичинде бараткан 4 адам каза болгон. "Тез жардам" кызматы райондогу Бает айылынан кош бойлуу аялды Чолпон-Атадагы төрөт үйүнө алып келе жатканда Мерседес-Бенц унаасы катуу ылдамдыкта келе жатып "Тез жардам" унаасынын артынан сүзгөн. Натыйжада дарыгерлердин унаасы оодарылып кетип анда бараткан айдоочу, дарыгер, кош бойлуу аял жана анын жакыны каза болгон.

"Тез жардам" унаасынын артынан сүзгөн Мерседес-Бенц унаасын ошол учурда 23 жаштагы Жибек аттуу кыз башкарып бараткан. Кыздын алкоголдук ичимдикти ичкени текшерилип, спирт ичимдигин ичкендиги аныкталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(49)
23.12.2017. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Оиур бою эркинен ажыратуу керек эле эле. Эч бир куноосу далилденбеген Жапаровду 13жылга кестиго. А бул жерде 5адам олуп жатат. А...ртар сот тиги дуйнодо жазанарды берсин силердин.
26.12.2017. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asman...,ал кыз бир чиновниктин эркеси болчу 5 адамды олтурду канча бала атасыз апасыз калышты..уй камагына эле кесиптир 10 жыл турмодо отурса жакшы болмок жок дегенде
23.12.2017. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азыр акчанын күчү менен акталып ,күчтүүсү күчсүзүн айыптуу жасап атышат .Бирок аз гана убакыттан соң эч бир акчасы ,сулуулугу ,таанышы өтпөй турган Аллахтын астына барат,ал жакта кутулуп болуптур эгер тобоо кылып калбаса .Тобоо кылдым .
23.12.2017. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бул соттордун эмне мээлери айнып калганбы торт Адам келиндин боюнда бар.экен беш Адам олуп.жатпайбы мына сага наглый соттор,муну эмнеге карашпайт атака минерлер сотту жумуштан алыш керек бул акылга сыйбаган иш шарттуу турдо он жыл кыйраттынар беш Адам олуп жатат эй айбандар эмне деген чечим келгиле кайрылуу жасайлы эл журт биригип премьерге супер инфо жардам берсе керек жеткиргенге,териштирсин самый гуманный суд в мире болушуптур беш адамды олтуруп жатат МАС болуп
23.12.2017. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Наш суд самый гуманный суд в мире! Сотторго соз жок. Акталды дегендин ордуна шарттуу созун алмаштырып коюшуптур. Браво ал сот небере чебесине жеткидей акча алса керек.
23.12.2017. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тез жардам унаасы поциенти мн кеминде 100до журсо мерс артынан жетип ошончо катуу сузгон болсо мерс канчада келаткан болушу мумкун
23.12.2017. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бул сотторго каргыш деле тийбеди. Адилеттик жок Кыргызстанда. Соттордун баары эптеп акча менен окуусун бутургондор. Оз ишин , жоопкерчилигин билишпейт!
23.12.2017. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Туура эмес чечим болуп калыптыр, бизде өзү чындык жок да...
23.12.2017. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Это издевательство деп коет муну, кудайдан корккулачы
23.12.2017. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Чындык чыркырап, калп каткырып, акчага азгырылган заман качанга чейин өкүм сүрөөр экен ... Өлгөн адамдардын туугандары ошо сотту же рулдагы кызды ХХХХХХ кылганда азаябы же мындай соттук чечимдер?
Модератор admin_media түзөттү 2017-12-23 23:21:13
23.12.2017. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Тайэжемдин 21 жаштагы баласы бироонун передачасын алып баратып ичинен 5 гр. наша табылган экен.13 жылга камап салышты эшектер.Бул 5 адамды олтуруп 10 жыл условный дейт ко. Чечим чыгарган соттор ылайым жакшылык корбой отсонор экен.
23.12.2017. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Alinur96kg,ооба көбүнчө жаш балдарды ушинтип куру доомат мн соттоп жатышат. Байкуш балдар билбей эле передачасын жеткизем деп камалып кетип атышат. Жапжаш балдардын келечегин сындырышат ушинтип акмактар десе....
23.12.2017. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Жыргап журот кылымышкер,
Тоок уурдаган соттолду.
Бекем болбой тартиби,
Мыйзам байкуш бош болду.
Баарын сатып алгандай,
Сатып алса болот сотторду.
Чындык калды чыркырап,
Чындык айтпай сот турат.
Кайран кеткен беш омур,
Кайрат кылгын жакыны.
10 жыл шарттуу кестик дейт,
Алкаш болгон бир кызды.
Leilek-razzakov түзөттү 2017-12-23 17:20:52
23.12.2017. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азамат соттор. Силерге эл 100% ишенет. Силерге алкыш...
23.12.2017. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Озу,мурду,колу,буту,башы,мээси кыйшык болсо да байдын баласы суйлосун болуптур да бул жагы
23.12.2017. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сотторго мин наалат силерге. ХХХХХХХХ калгыла
Модератор admin_media түзөттү 2017-12-23 23:17:33
23.12.2017. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Балык башынан сасыйт,өзү өйдө жактагылардын баштарын шамал уруп койгон.
23.12.2017. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Соз жок сотторго, куноо айдан ачык болуп турса дагы.
23.12.2017. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Соттон качан калыстыкты кутобуз? Туура эмес чечим чыгарган сотторду качан соттойбуз? Жээ ал соттор такыр соттолбойбу?
23.12.2017. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жогорку кенеш окмот элдин созун уккула окмоттогу жаштар ушул ишти карасанар боло жогорку сот уктап жатабы бул иш ЖК де каралыш керек жогорку соттун торайымын чакырып угуш керек эмне учун мындай чечим чыгарганын чечим чыгарган сотко кылмыш ишин козгош керек Экинчи кайталанбаш учун.депутаттарга жеткириш керек фейзбук барачасын билгендер чыгып койсонор эки машина авария болсо темир учун интернете ызы чуу болушат бул жерде беш Адам.олуп жатат муну жон койбош керек Адам омуру кымбат.
23.12.2017. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ошол чечим чыгарган соттун башына да келет бир куну ушундай нерсе,озунун жакындарын бир мас олтуро сузуп кеткенде эсине келет бул акмак соттор!!9 ай которуп журуп наристесин жарык дуйного алып келгенге жетишпей кете берген жапжаш келинге озгочо ичим ачышып атат.
23.12.2017. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушу чечимди чыгарган сот , 5 кишини олтургон кыз тункусун уйку корбогуло. Ийгилик деген нерсе силердин жашоонордон качсын.тозоктун отуда кайнагыла.
23.12.2017. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
10 жылга шарттуу турдо деп,3 жыл машина айдоо укугунан ажыратылды деп,уялбайбы бети жоктор.3 жылдан сон кайрале машинаны минип каалагандай журот экен да.Акча берип куткарып калган ата-энеси деле омур боюу машина айдоо укугунан ажыраттырып салса болмок.
23.12.2017. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
19 жаштагы келиндин ата энеси акча албайбыз отургузабыз деп албай коюшту деп уктум эле. Бул чечимди угуп куйуп кетишсе керек. Туура эмес суйлоду деп кээ бироолорго миллиондорду салыпатасынар. Калыстык жок(((
24.12.2017. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироонун олумуно себепчи кылбасын..Бул кыз озунун абийиринин алдында кантип жашап,кантип кун корот..Колу менен кылганды моюну менен тартыш керек эле..Каза болгон келин менин кошуна кызым болчу..Аллахым бейишин берсин!Соттор аман болсун!Аллахка сурак берчу кундон корккула!
InsanIndira94 түзөттү 2017-12-24 01:00:33
24.12.2017. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаман ак көңүл сот го. Чечим чыгарган сотту соттош керек ошондо көрөт адилеттүлүк эмне экенин
24.12.2017. 02:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чынында адамдын ичи ачышат турган чечим болуптур жок дегенде 20 жыл камаш керек болчу
Мас болуп кармалганды айдоочулук укуктан ажыратабыз деп жатпады беле ал мыйзам акчасы жок карапайым эл учун иштейби бул кызды омур бойу айдоочулук укуктан ажыратыш керек
Ушундай чечимдер боло берсе жол кырсыгы азайбайтко,нааразымын!
24.12.2017. 03:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Не дейбиз эми каза болгондордун жакындарына сабырдуулук ал эми сотту кудайга койдук
24.12.2017. 03:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сотторго соз жок. Башка эмне дейбиз. Аллахтын сурагы жаман. Пендебиз да, тимеле олбочуудой жашайт экенбиз го, Чиркин!
24.12.2017. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мына сага...алган акчанар арканардан чыксын ылайым.Ичиндеги бала менен 5 адамды олтургон акмакты шартту кескен.Бир кун келип ушул акмак чечим чыгарган соттун жакынын урат.Ошондо билесин,бироонун куноосу менен жакындан ажыраган кандай болоорун.
25.12.2017. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сот чечим чыгарбай эле, куноолу кыз чечим чыгарыптырда.
25.12.2017. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстана адилеттик жок!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: