super.kg logo
  Спорт  

Антонина Шевченко эрежесиз уруш боюнча мелдеште франциялык мушкерди жеңип алды

 

Кыргыз мамлекетинен чыккан спортчу Антонина Шевченко Дубайда 22-декабрдан 23-декабрга караган түнү өткөн эрежесиз уруш боюнча "Phoenix 4 Dubai" аттуу мелдешинде франциялык Валери Домергуну жеңип алды.

"Phoenix 4 Dubai" аттуу мелдештин алкагында бокс, тай бокс жана ММАнын эрежесинде беттештер орун алды. Эрежесиз уруш боюнча мелдеште Кыргыздан чыккан спортчу Антонина Шевченко 61,2 килограммга чейинки жеңил салмак ченинде франциялык Валери Домергу менен беттешип калыстардын чечими менен жеңишке жетти.

Муну менен Антонина Шевченко ММАнын эрежеси боюнча 3-жолу беттешти.

Эске салсак, Шевченко сентябрь айында Лондон шаарында өткөн эл аралык "Phoenix 3" мелдешинде голландиялык Анниса Хадау менен мушташып, аны жеңип алган.

Шевченко тай бокстун эрежеси боюнча "Phoenix Fighting Championship" версиясынын чемпиондук курунун ээси.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(1)
24.12.2017. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куттуктайбыз баракелде
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: