super.kg logo

Сапар Исаков Токмок шаарына жана Чүй айылына киргизилген өзгөчө кырдаалдар режими боюнча кеңешме өткөрдү

 

Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 23-декабрда Чүй облусундагы жер астындагы суулардын көтөрүлүшүнөн улам турак жайлардын суу астында калуу кесепеттерин жоюу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан кабарлашты.

Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев маалымдагандай, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жана өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгү аймактагы суу астында калган жерлерди жеринен көрүп чыгышты.

Анын айтымында, жер астындагы суулардын көтөрүлүшү Шамшы, Кызыл-Суу жана Чүй дарыяларындагы суунун көлөмү жогорулагандыгына, ошондой эле коллектордук-дренаждык тармактардын бузулгандыгына жана өз учурунда тазаланбагандыгына байланыштуу орун алган.

Мындан тышкары суу астында калуунун себеби катары жеке субъектилердин жана чарба ээлеринин коллектордук-дренаждык тармактарда курулуштарды тургузуусу эсептелет.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов маалымдагандай, учурда дренаждык тутумдарды тазалоо үчүн атайы техника тартылган.

Сапар Исаков тийиштүү мамлекеттик органдарга жергиликтүү бийлик менен катар Чүй облусундагы жер астындагы суулардын көтөрүлүшүнүн натыйжасында турак жайлардын суу астында калуу кесепеттерин жоюу боюнча толук чараларды көрүү тапшырмасын берди.

Эскерте кетсек, 19-декабрда Токмок шаарына жана Чүй айылына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Мындай чечим аталган аймакта жер астынан чыккан суунун деңгээли көтөрүлүп, үйлөрдүн жер төлөлөрүн суу каптап кеткенинен улам облустук администрация тарабынан кабыл алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: