Бишкекте өткөн көргөзмөдө итине калпак кийгизип чыккан кыз интернетте кызуу талкууланууда

Бишкекте итине калпак кийгизип иттердин көргөзмөсүнө катышкан кыз интернетте кызуу талкууланууда. Жаңы жыл майрамына карата уюштурулган иттердин көргөзмөсү 22-декабрда өткөн. SUPER.KG порталы иш-чаранын уюштуруучулары менен байланышып, окуянын чоо-жайына кызыгып көрдү.
"Иттердин жаңы жылдык көргөзмөсүнө 20га жакын ит алынып келди. Ар бир катышуучу өзү жакшы көргөн итине каалаган костюмдарды кийгизишкен. Ал эми калпак кийгизген ит боюнча айтсак, биз иш-чараны жакшы ой менен уюштурганбыз. Сынак өтүп жатканда кыргыз кийимин кийген орус кыз итине улуттук кийим, калпак кийгизди. "Кара-жорго" бийине бийледи, жакшы ой менен чыккан болчу. Интернетте талкуулап жаткандар муну өздөрүнө көңүл бурдуруу үчүн эле жасап жаткан амал деп эсептейм. Туура түшүнүү керек, бул маданияттын өсүшү, итти кыргыздар дайыма эле жакшы көргөн, сыйлаган, ал тургай баатыр Манастын дайыма ити менен жүргөнү айтылат. Ар ким өзүнүн деңгээлине жараша түшүнөт. Көргөзмө келе жаткан ит жылына арналган. Ошондуктан бул кыздын дарегине жаман сөз айтууну токтотууңуздарды суранабыз. Кечирим сурайбыз", - деди көргөзмөнү уюштуруучулардын бири Батма Казакбаева.
Ал эми интернет колдонуучулары итке улуттук баш кийимди кийгизүү улуттук баалуулуктарды басмырлоого барабар экенин айтып нааразы болууда.


Анан улуттук баш кийимибизди кордогонубузга жол болсун?!!
Биз кундолук турмушта калпак кийбесек да, уйлонуп жатканда, башка той-аш, жакшылык-жамандыкта калпак кийебиз. Сени билбедим...
ХХХХХХХХ
Кыргызстанда баары боло берет дешти да, эгер Озбекистанда, Тажикстанда алардын улуттук баш кийимин басмырлап шылдындаса дароо бир нече жылга камалмак... Иран, Аравияда олум жазасына кесилип дарга асылмак...
Биздин бийлик жогорудагыларга чара коруп камабаса, анда л.. экени ошол!!!
Калпакты итке кийгизип улуттук баш кийимди кордогон кыз да, тиги Батма да бери болгондо 3 жылга камалышы керек. Ошондо акылдары башына келет, жазамын тартып турмодо отурганда...
Манкурттар бардык заманда болуп келген... Айрыкча азыр кобойуп бара жатат...
Баш кийимди тебелебе,ыргытпа,бироого бербе деп илгертеден ата бабаларыбыздан калган соз барго.
Ага башы жете бербейт ондуу булардын.
Дагы таламын талашып койгонуна олуп берейинби Батманын!!!
Ошол жердегилер чыгарбай тыюу салып койсо болмок !Эми анык ит болдук,АЙБАНДАР!КЫРГЫЗ ЭЛИН ушуга окшогон келесоолордун айынан ,башка улуттарга "Кепке кемтик,Созго солпук"кылып жатасынар!Ушул эле жетпей жатты эле!
орустун ойногону жаман.
"Орус оюндагысын "- деп бекер айтылбаган экен!!!
Ааламга АК КАЛПАКтуу КЫРГЫЗ ЭЛИ деп белгилуубуз!!!!
Итине башка кийимди кийгизсе да биздин АК КАЛПАКТЫ кийгизгени биздин Улуу КЫРГЫЗ Журтун сыйлабаганы!!!
Коргозмону уюштуруучу Батма Казакбаева намысын КАЙДА?????