Бишкекте өткөн көргөзмөдө итине калпак кийгизип чыккан кыз интернетте кызуу талкууланууда

Бишкекте итине калпак кийгизип иттердин көргөзмөсүнө катышкан кыз интернетте кызуу талкууланууда. Жаңы жыл майрамына карата уюштурулган иттердин көргөзмөсү 22-декабрда өткөн. SUPER.KG порталы иш-чаранын уюштуруучулары менен байланышып, окуянын чоо-жайына кызыгып көрдү.
"Иттердин жаңы жылдык көргөзмөсүнө 20га жакын ит алынып келди. Ар бир катышуучу өзү жакшы көргөн итине каалаган костюмдарды кийгизишкен. Ал эми калпак кийгизген ит боюнча айтсак, биз иш-чараны жакшы ой менен уюштурганбыз. Сынак өтүп жатканда кыргыз кийимин кийген орус кыз итине улуттук кийим, калпак кийгизди. "Кара-жорго" бийине бийледи, жакшы ой менен чыккан болчу. Интернетте талкуулап жаткандар муну өздөрүнө көңүл бурдуруу үчүн эле жасап жаткан амал деп эсептейм. Туура түшүнүү керек, бул маданияттын өсүшү, итти кыргыздар дайыма эле жакшы көргөн, сыйлаган, ал тургай баатыр Манастын дайыма ити менен жүргөнү айтылат. Ар ким өзүнүн деңгээлине жараша түшүнөт. Көргөзмө келе жаткан ит жылына арналган. Ошондуктан бул кыздын дарегине жаман сөз айтууну токтотууңуздарды суранабыз. Кечирим сурайбыз", - деди көргөзмөнү уюштуруучулардын бири Батма Казакбаева.
Ал эми интернет колдонуучулары итке улуттук баш кийимди кийгизүү улуттук баалуулуктарды басмырлоого барабар экенин айтып нааразы болууда.


Ул
сонун идея де, сен дагы эриңин же атаңын калпагын итиңе кийгизип көчөгө жетелеп чыгып көрчү кандай болот экен. Эриң же атаң дагы сени колдогон болсо реклама кыл башкаларга сунушта ошол идеяны аягына чыгар анан ушул жерге келип жетишкндиктериңи айта кеткенди унутпа :)
Эже, сизди форумчу катары тааныйт элем, бул жазганыныздан улам тааныбай турам. Качан эле улуттук баш кийим калпак иттерге кийилип калды эле?!
ит ит ал жаныбар. Кыргыздарда иттин орду короо кайтаруу, мал жанды коргоо муктаждыгына керектелген жаныбар. Аа калпак болсо кылым каарыткан улуу Кыргыз деген улуттун жогорку даражадагы, улуттук баш кийими.
Калпак биздин сыймыгыбыз озгочолонгон симболубуз.Кыргызды тажик озбоктон айырмалап турат.
Азыр Кыргызстанда демократия деп эле ар ким өз билгенин кылып атат ушуга окшогон уюштуруучулар
анан аны колдоп жакшы идея экен дегендер дагы чыгат