super.kg logo

Шавкат Мирзийоевдин кичүү кызы министрликтин жооптуу кызматына дайындалгандыгы жазылууда

 
Шахноза Умарова жана мектепке чейинки билим берүү министри Агриппина Шин
Шахноза Умарова оңдон солго эң четте

Өзбек калк башчысы Шавкат Мирзийоевдин кичүү кызы Шахноза Умарова министрликтин жооптуу кызматына дайындалды. Бул тууралуу маалыматты өзбек басылмалары жазууда.

Ага ылайык, президенттин кызы Мектепке чейинки билим берүү министрлигиндеги ата мекендик системди реформалоого жооптуу катары кызматка дайындалган. Аталган министрлик Мирзийоевдин буйругу менен ушул жылдын сентябрь айында түзүлгөн.

Буга чейин 18-декабрда Шавкат Мирзийоевдин өткөргөн отурумунда Умарова аталган министрликтин жетекчиси Агриппина Шинге катарлаш отургандыгын жазат жергиликтүү басылмалар.

Буга чейин Мирзийоев Өзбекстандагы мектепке чейинки билим берүү системин толугу менен өзгөртүү керек экендигин айтып келген.

"Бизде бала бакчалар балдардын ата-энеси жумуштагы учурунда аларды алаксытып туруучу мекемелерге айланган. Балдарга сүйлөө, математика, физика-психологиялык, чыгармачылык боюнча билим берүү жайылтылган эмес. 3-4 жыл аралыгында өлкөдөгү мектеп жашына чейинки балдардын баары бала бакчага бара тургандай деңгээлге жетишибиз керек", - деген мамлекет башчы.

Мындан тышкары мектепке чейинки билим берүү министринин орун басары Кахрамон Арипов бул түзүм Түштүк Кореянын системи менен иштей тургандыгын жакынкы күндөрдө берген интервьюсунда айткан.

Шахноза Умарованын курбусунун маалыматына таянып, жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, 31 жаштагы Умарова атасы президент болгонго чейин бир нече жыл Түштүк Кореяда жашаган.

"Анын жолдошу Отабек Өзбекстандын Түштүк Кореядагы консулдугунда эмгектенген. Алардын кызы Кореяда төрөлгөн жана Шахноза андагы бала бакчалардын ишмердүүлүгүн жакшы өздөштүрүүгө үлгүргөн. Анын тажрыйбасы өлкө жетекчиси койгон максатка жетүүгө жардамын тийгизет", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
24.12.2017. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Атанды уйат кылбай жакщы иште
24.12.2017. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эмнеге болбосун, мыкты иш алып барса, оозунда эмес Тарс Тарс эттирип элдин козуно мыкты иштерди, ачылыштарды жасап, бутуруп, турса иштей берсин.
24.12.2017. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздикилерге окшоп Ош МУда клиникалык базасы жок деп билип билбей дооруп турса анда олгону ушул.
24.12.2017. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мирзиаевке соз жок
24.12.2017. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мирзийоев мыкты жетекчи
Ал келгенден бери озбекистан бир топ алдыга осо баштады
24.12.2017. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мирзиеев кызына атайын министрлик ачып берди. Мурунку президенттен эмнеси кем? Автократтар өзгөрбөйт эч качан.
24.12.2017. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
grace, туура айтасын алар эч качан озгорушпойт. Бирок, пессимисттер да озгорбойт эч качан.
25.12.2017. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озбек президенти абдан жакшы ийгиликтерге жете баштады азамат бук болуп ичиндегисин айта албай оз милдетин аткара албай жургон экен.Биздин президент да Атамбаевдин козун карабай оз алдынча болуп кыргыз мамлекетин алдынкы мамлекеттердин катарына кошсо жакшы болмок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: