Мушкер Флойд Мейвезер баскетболчу Коби Брайнтка 1 миллион долларга таймаш сунуштады

Маалыматка караганда, 40 жаштагы Флойд Мейвезер белгилүү баскетболчу, НБАнын 5 жолку чемпиону Коби Брайнтга баскетболдук беттеш өткөрүүнү сунуштады.
"Мен сени менен 1 миллион долларга бирге беттеш өткөрүүгө даярмын", - деп жазган Мейвезер социалдык тармактагы баракчаларынын бирине.
Айта кетсек, Флойд Мейвезер жана Коби Брайнт учурдагы эң бай спортчулардын катарына кирет.
Эске салсак, Флойд Мейвезер 27-августта Лас-Вегас шаарында UFC уюмунун чемпиону Конор Макгрегор менен беттешкен. Анда боксчу 10-раундда Макгрегорду техникалык нокаут менен жеңип 100 миллион доллар гонорарга ээ болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Акчан ошончоле тешип чыгып жатса кайрымдуу иштерге жумша
Кыскасы акча коротуунун эмес, акча табуунун Мейвезерче ыкмасы...