super.kg logo

Бүгүн саат 15:00дө SUPER.KG'нин Түз эфиринде "Жарайт сити" долбоорунун жигиттери конокто болот

 

SUPER.KG порталынын түз эфиринин кезектеги коногу "Жарайт сити" долбоорунун жигиттери. Тактап айтканда, жаш стендапчы, "тамашоучу" жана актёр, ТНТ каналындагы "Comedy Баттл" шоу берүүсү аркылуу калың элге таанылган Мыктыбек Мукаев (Мыкы) жана көпчүлүк элге мурутчан агайдын образы менен эсте калган жаш актёр Нурсултан Курсанали уулу конокто болушат.

"Мен аткарган милиция кызматкеринин образы тартуу аянтчасында жаралган. Мурут чаптап алып отурсам «кел, сен аткарып көрчү» деп калышты. Каткырып ойногонум баарына жагып, бул роль мага бекитилди. Кыргыздын харизмасын көрсөтүп, күлкү тартуулаган мындай байке көпчүлүк үй-бүлөдө бар деп ойлойм. Мени бул образда көргөндөрдүн көбү 40 жаштагы киши деп ойлошот экен. Бирок мен 1993-жылы туулгам", - дейт Нурсултан Курсанали уулу.

Ал эми Мыкы сүйүү мамилесин курганга ылайыктуу кыз таппай келет.

"Буга чейин бир кыз менен сүйлөшүп көрдүм. Тартуу иштери менен такыр бошой албай ушунчалык тиги кыздын алдында ыңгайсыз абалда болуп жүрдүм. Бирок колумдан келишинче эле көңүл бурууга аракеттендим. Азыр эми жакшы эле, дос болуп калдык", - дейт ал.

Таланттуу жана тамашакөй жигиттерге арнаган жылуу сөздөрүңүз же мыкты суроолоруңуз болсо +996 557 75 63 63 WhatsApp номери аркылуу жиберсеңиз болот. Ошондой эле түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып дагы жооп алсаңыздар болот. Жигиттер суроолорго 27-декабрь күнү саат 15:00дө баштала турган түз эфир учурунда жооп берет.

Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.


кошулду





27-декабрда SUPER.KG'нин түз эфиринде "Жарайт ситинин" жигиттери

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(12)
25.12.2017. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Жарайт ситинин ар бир сериясын калтырбай коромун! Акыркы чыгарылышын коруп жаман болдум :( ошондо сиздерди башка корбой калабызбы? Ар бир актёр, актрисалар ото чеберчилик менен ойнойт ролун.
Биринчи жана акыркы чыгарылышын тартып жатканда кандай сезим болду эле?
love_story түзөттү 2017-12-25 19:26:21
25.12.2017. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Балдарга суроом деле жок. Бирок актербуз дер эле кейпин келиштирип тушо беришкендери жаккан жок суротторго
25.12.2017. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Баардыгы чогуу келишсе болмок экен. Эрбол, Ильгиз, Алинур, Каныбек, Фаттахов жана Айпери Чотонова. Мага Айперинин аткаргандары жагат! Сонун актриса!
25.12.2017. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Такыр жакпайт...
26.12.2017. 07:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жигиттер келе жаткан жаңы жылыңар менен куттуктайм,жакында таркайт экенсиңер эмне ошондо тамашаңар калбай калдыбы ыя?
26.12.2017. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы балдар
26.12.2017. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсынарбы ? Ушунтип эле таркап кетесинерби, себеби эмнеде? Жаны жылдан сон кандай планынар бар? Же башка проектти пландаштырып койдунарбы?
27.12.2017. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эч кимге деле кызыгы жок окшойт)))
27.12.2017. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Майрамга жакын,концер,кечелер кучоп ырчылардын колу бошобой,кудай жалгап куудулдарга да кезек келиптирда
27.12.2017. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы супер инфо эл эмне дейттин актёрлорун чакырыныздарчы
27.12.2017. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Farm94, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
27.12.2017. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыкы, Нурсултан Курсанали уулу ишинизге ийгилик, келе жаткан жаңы жылыңыздар менен! Жаңы жылда жаңы дем, жаңы идеяларды каалайм!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: