super.kg logo

Акылбек Жапаровду жөлөк пул боюнча президент менен премьер-министрдин башын айландырбоого чакырышты

 

Бүгүн, 25-декабрда Жогорку Кеңештеги Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитет мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун экинчи окууда карап жатат.

Депутат Акылбек Жапаров ("Бир Бол") бул маселе боюнча пикирин айтты.

"27-июлда мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынган. Анда жаңы жылдан баштап, 30 миңдей бала жөлөк пул ала албай кала турганы айтылган. Ошондуктан өкмөт сүйүнчү пул боюнча норма иштей берсе, калган жаңы өзгөрүүлөр боюнча 3 ай убакыт сурап жатат. Биз 6 ай убакыт сураганбыз. Бирок өкмөт 3 айда жетишебиз деп жатат. Биз ага деле макулбуз", - деди Жапаров.

Депутат Карамат Орозова (КСДП) кесиптешине кайрылып: "Бул мыйзам иштелип чыгып, өлкө башчысы кол койгон. Эми жаңы жылга аз күн калганда кайра президент менен өкмөт башчынын башын айландырбаңыз. Кемчиликтер болсо кошо жолго коёлу, бирок мыйзам иштесин. Баш мыйзамга ылайык, бардык балдарга мамлекет бирдей кам көрүшү керек. Байдын баласы, кедейдин баласы деп эч кимди бөлбөш керек", - деди Орозова.

Ал эми социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова мыйзамдагы оңдоонун зарылдыгын белгиледи.

"Балдардын жөлөк пулу үчүн бюджеттен 2 миллиард 200 миллион сом каралган. Азыр бир бала 810 сомдон алып жатат. Эгер акчаны жетиштиребиз десек, алар 500дөн алып калат. Эгер биз 500дөн берсек, ал эми калып калып жаткан 30 миң бала үчүн кошумча дагы 141 миллион сом керек болууда. Учурда жаш курагы жете элек 6 баласы үчүн бүгүн 5000 сом алып жатса, жаңы жылдан баштап 1500 сом гана алып калып жатат", - деди министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
25.12.2017. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Карамат Орозова туура айтат!Кана сиздей айымдар болсо!
25.12.2017. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эгер байлар албайт баласына десе 3 топко болсун.Ушул кунго чейин бай деп уйу жок телевизору бар болсо эле бай деп бербей келдинерго?Анын эмнеси бай?Же кичине уйу бар эптеп жашаган сенин уйун бар деп албай койушат документ.Квартиранттарды вообще албайт сенин нор кв да жашайсын деп туура эмес да ушул
25.12.2017. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Мамлекеттик кызматта иштегендерге бербей калгандарына 500 дон болсо да тегиз берсин
25.12.2017. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
saparu,Не мамлекетте иштегендерге мамлекет кыйратып акча берип жатыптырбы. Эптеп балдарына же озуно жеткиралбай журот. Берсе баарына тегиз бериш керек.
25.12.2017. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
saparu, озу мугалим ж.б. болгон айлыгы 7000-8000 сом болсо, ошол козуно коп корунуп жатабы?!!
25.12.2017. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин кошунабыз 6 баласына жолок пул алат ошол акча менен жашайт остору эч жерде иштебейт жаны мыйзам ишке кирсе 1500 эле алып калат экен
25.12.2017. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
saparu,ошол жолок пул дегенге да ишенип,иштебей жашагандар барбы? Болбогон соз. Иштейм десе иш толтура.
25.12.2017. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Nibiru., Кыргызстанда иш толтура болсо, маянасы дурус болсо, бир-бир жарым миллион жараныбыз эмнеге тышка тентип кетмек эле?!! Ойлонуп суйлосон, бай атана окшоп соктура бербей!!!

Алыскы айылдарда жашагандар канча, кыйраткан киреше булагы жок же жакын тегеректе жумуш жок отурган...

Бишкекке кочуп барып ай сайын квартиралап мусаапырдын кунун коргон жарандар канча, иштеп тапканы жашоосуна оп-чоп аран жетип жаткан...
25.12.2017. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Карамат Орозова Эдил Байсаловдун кадры. Б.а.чет өлкөнүн күчү менен көтөрүлгөн аял. Эгер туура болгондо Нарын эли каршы чыкмак эмес. Кайрадан карап чыгуу керек. Салык менен соцкоргоого алып жаткан мамлекет эмнеге жөлөкпул бербей коюшу керек. Ар бир балага жөлөкпул берилиши керек.
25.12.2017. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечиргиле мен туура эмес тушунуп алыптырмын.Карамат Орозовага кошулбаймын
26.12.2017. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шайлоонун алдында жеп-жутарлар адыраңдаса кошо адыраңдаганбыз.Баарыбызга ЧАЛА болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: