super.kg logo
  Саясат  

Депутат: “Айылдык кеңештин депутаттарын шайлоодо жарандар бир эле талапкерди тандаш керек”

 

“Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев айылдык кеңештин депутаттарын шайлоодо жарандар бир эле талапкерди тандаш керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-декабрда парламенттин тийиштүү комитетинин жыйынында билдирди.

Эл өкүлү белгилегендей, учурда айылдык кеңештин депутаттарын шайлап жатканда жаран 7 талапкерди тандайт. “Талапкерлерди аймактарга бөлүп, жаран бир эле талапкерди тандай турган системге өтүү зарыл. Мындай системге өтүү боюнча өкмөт мыйзам долбоор алып келиши керек”, - деди депутат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов мурда аталгандай систем иштеп келгенин эскертти. “Шайлоочу бир нече талапкерди тандай тургандай систем өзүнүн пайдасын алып келди. Учурда бир эле талапкерди шайлоо системине өткөрүүгө даярбыз”, - деди Бекматов.

Учурда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: