super.kg logo

Ошто белгисиз адамдар үй ээсин өлтүрүп, үйүн өрттөп кетишти

 

Ош шаарындагы өрттөнгөн үйдөн адамдын күйгөн жансыз денеси табылды. Ал киши колдуу болуп каза болгон. Мындай маалыматты Ош ШИИБинин маалымат кызматы кабарлады.

"25-декабрдан 26-декабрга караган түнү болжол менен түнкү саат 02:40 чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Ош шаарынын Ош көчөсүнүн 100-үйү өрттөнүп жаткандыгы тууралуу кабар келип түшкөн.

Кырсык болгон жерди кароо учурунда ал жерден 1956-жылы туулган Октам А. аттуу үй ээсинин күйүп кеткен денеси табылган. Анын жубайы 1961-жылы туулган аял "Тез жардам" кызматы аркылуу Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Каза болгон маркум Октам А.нын денесин кароо учурунда, анын денесинде, беттеринде соккудан улам болгон тактардын жана сол көкүрөк тушунда миздүү нерсенин кирген изи бар экендиги аныкталган. Маркумдун киши колдуу болуп каза болгондугу аныкталган.

Маркумдун жубайынын алгачкы кѳрсѳтмѳсүнѳ караганда, түн ичинде болжол менен саат 01:20 чамасында белгисиз бир нече адам үйгѳ киришип, жарыкты өчүрүп, күйөөсүнөн акча талап кылышкан. Ал эми аялын бир нече ирет урганда ал эси ооп жатып калган. Үйгө кирип келгендер аны өлүп калды деп ойлошуп, күйөөсүн сабап, үйгө от коюп туруп кетип калгандыгын айткан", - деп жазылат басма сөз кызматынын маалыматында.

Учурда бул өзгөчө оор кылмыштын бетин ачуу боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
26.12.2017. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Азыркы заманда кылмыштын бети ачылбай калышы дээрлик мумкун эмес, эгерде эле бийлик же милиция озу аралаш болбосо жана ото профессияналдуу аткарылбаса. Болбосо ачылышы керек себеби азыр копчулук жерде камералар бар бирине болбосо бирине илинет. Ылайым кылмышкерлер табылып татыктуу жазасын алышын жана жакындарына сабыр тилейбиз!
26.12.2017. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kechirmeni, талылат жакшылап издешсе. Азыр ар бир телефондун номерлери зарегистрирован да. Базовая станция аркылуу табылат...
26.12.2017. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тобоо,тобоо.Ата энелериндей адамдарды олтуруп,тоногондордун оз ата энелери жокпу деген ой келет экен.Карыган кишилерди кыйнаган акмактарды Алла жазаласын!Жайы жаннаттан болсун атанын.Жабыркаган эже жакшы болуп кетсин ылайым.
26.12.2017. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Аялын жакшылап текшергиле!
26.12.2017. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Октам,туугандардан окшойт.Может байлыгына кызыккан бироолор кылгандыр же криминалдуу чойро менен аралашы бардыр,эки версия болушу мумкун
26.12.2017. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туугандардан окшойт теги олтургондор кыргыздар болбосунда анда иш чатак.
27.12.2017. 04:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аялынын корсотмосундо шек байкалып турат!кылмышкер эсин оодуруп таштап койбойт,созсуз олтурот бычак же башка менен. душманды алыстан издебе деген соз бар! бул жерде аялы же анын жакындарынын колу бардай.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: