super.kg logo
  Саясат  

Иса Өмүркулов Юстиция министрлиги кабыл алынган мыйзамдар боюнча анализ жүргүзбөй жатканын айтты

 

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Юстиция министрлиги кабыл алынган мыйзамдар боюнча анализ жүргүзбөй жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-декабрда парламенттин тийиштүү комитетинин жыйынында билдирди.

Эл өкүлү айылдык кеңештин депутаттарын шайлоодо жаран 7 талапкерге добуш берүү боюнча мыйзам кабыл алынганда кандай иштей турганын билбегендерин айтты. “Мыйзам кабыл алынып жатканда кандай иштей турганын билген эмеспиз. Бүгүнкү күндө мыйзам кандай иштеп жатканы боюнча Юстиция министрлиги анализ жүргүзүшү керек болчу. Кээ бир шаарларда кворум жок депутаттар жылдап чогулбай жатат. Шайлоону биз оюн кылып алдык. Шайлоолор канча жолу өтүп жатат. Бул нерсени анализ кылган эч ким жок. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы мамлекеттин фундаменти болуп саналат. Борбордук шайлоо комиссиясы буга көңүл буруп койсо жакшы болмок. Себеби аталган министрликке салыштырмалуу БШКда тажрыйбалуу кызматкерлер иштейт”, - деди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: