super.kg logo

"Ай-данек" балдар гезитинин 20 жылдык мааракесин белгилөөгө 5 миңге жакын бала келди (фото)

 

Бүгүн, 26-декабрда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында "Ай-данек" балдар гезитинин 20 жылдык мааракеси өтүп жатат.

Аталган гезиттин салтанаттуу иш-чарасын "Ак-шоола" балдар хорунун бөбөктөрү ыр аткаруу менен ачык деп жарыялап беришти. Бөбөктөр арасында өзүнүн окурмандарын таап, 20 жылдан бери жарык көрүп келе жаткан "Ай-данек" гезитин майрамы менен куттуктап өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков 100 миң сом бөлгөнүн президенттик аппараттын өкүлү куттуктоо сөзүндө айтты.

Оюн-зоок концертинин көркүн "Туңгуч" театрынын актёрлору, эстрада ырчылары жана жаш жеткинчектерден турган ыр, бий ансамблдери ачты.

Гезиттин негиздөөчүсү жана иш-чаранын уюштуруучусу Токтайым Үмөталиева бул иш-чара жөн гана гезиттин 20 жылдыгын белгилөө үчүн эмес, жаш балдарга жаңы жылдык маанай жана майрам тартуулоо үчүн уюштурулуп жаткандыгын билдирип төмөнкүлөргө токтолду: "Бүгүн гезитибиздин 20 жылдык мааракесин белгилеп отурабыз. Бул жылдар аралыгында көптөгөн окурмандарды топтогонго жетиштик. Азыркы өтүп жаткан иш-чарага жалпы 5 миңге жакын бала катышып отурат. Биз бүгүн окурмандарыбызга жакшы маанай тартууладык, алар үчүн акысыз концерт уюштурдук".

Ошондой эле иш-чараны уюштуруп жана өткөрүүдө жеке ишкерлер чоң колдоо көрсөткөнүн, концерттин аягында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жаңы жылдык белектер бериле тургандыгын кошумчалады.

Мындан сырткары, спорт сарайында балдардын кол эмгегинен жасалган түрдүү буюмдардын жарманкеси уюштурулган. Уюштуруучулардын айтымында, жарманкеден түшкөн каражат балдар үйүнүн тарбиялануучуларына жаңы жылдык белектерди алганга жумшалат.






"Ак-шоола" балдар хору

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
26.12.2017. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуучу кезде менда өтө окучумун. Өзгөчө "крик души" деген бөлүмүн. "А бу" дегенче 30 чыгып калдым.
26.12.2017. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуучу кезимде калтырбай окучумун. ишинерге ийгилик.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: