super.kg logo

"Эйр Манас" авиакомпаниясынын Өзбекстанга биринчи каттамы ийгиликтүү жүргүзүлдү

 

Ушул жылдын 23-декабрында "Эйр Манас" авиакомпаниясы Бишкек-Ташкент-Бишкек алгачкы аба каттамын ишке ашырды. Бул күнү жаңы каттамдын ачылышы салтанаттуу түрдө "Манас" эл аралык аэропортунда өттү. Ага Жарандык авиация агенттигинин жана "Эйр Манастын" өкүлдөрү катышты.

Андан соң аталган авиакомпаниянын логотибинин формасында жасалган торт кесилип, аземге катышкандар таттуу менен сыйланды.

Жергиликтүү авиакомпания тарабынан ишке ашырылган Бишкек-Ташкент-Бишкек каттамы жумасына эки ирет - шаршемби, ишемби күндөрү жүргүзүлөт. Кыргыз мамлекети менен Өзбекстандын өкүлдөрүнүн катышуусунда Ташкентте өткөн сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө алдыда аталган каттамды аптасына 4 жолкуга чейин көбөйтүү ниеттери айтылды.

"Эйр Манас" мындан тышкары эми жүргүнчүлөр үчүн дагы ыңгайлуу Ташкент-Ош каттамын сунуштоодо. Бул учурда сиз Оштон Бишкекке же Бишкектен Ошко учуу үчүн өзүнчө билет сатып албай, акчаңыз үнөмдүү болот.

Эске салсак, "Эйр Манас" авиакомпаниясы аркылуу Бишкек-Москва-Бишкек, Бишкек-Дели-Бишкек, Бишкек-Үрүмчү-Бишкек, Бишкек-Ош-Бишкек, Бишкек-Ташкент-Бишкек каттамдары жүргүзүлүп келет. Муну менен катар эле Түркияга жана Стамбул аркылуу Европанын шаарларына ыңгайлуу каттамдар сунушталат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
28.12.2017. 04:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Комент жок ко.Жакшы болуптур эки клоуна мусульман олконун мамилеси жакшырып жатат(эки олко жарандарынын басымдуу болугу мусульман болгону учун ушундай деп жатам башка дин окулдору капа болушпасын)
28.12.2017. 04:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кошуна
28.12.2017. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Биринчи ички каттамдарды жакшыртсанар болмок
28.12.2017. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Туугандар шыбап кетишпесин
28.12.2017. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай сактасын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: