super.kg logo

Жогорку Кеңеште ишкерлерди электрондук патентке өткөрүү сунушталды

 

Бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеңештеги Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет жыйынында патент аркылуу салык төлөгөн ишкерлерди электрондук патентке өткөрүү сунушталды.

Экономика министрлиги бул демилге салык документтерин чогултуу, ташпыруу процедураларын жеңилдетип, коррупциялык байланыштарды үзөт деп ниеттенүүдө.

"Ишкерлер менен салыкчылардын ортосунда жең ичинен сүйлөшүүлөр бар экени жашыруун эмес. Бул байланыштарды үзүүгө мезгил келди", - деди биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев.

Ал кошумчалагандай, Орусия бул демилгеге колдоо көрсөтүүгө даяр. Эгер депутаттар колдосо, бул багытта сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Электрондук патент Орусиянын тажрыйбасынан алынышы күтүлөт.

КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев Орусиянын мисалы мыкты болушунан күмөн санайт. Ошондуктан депутат бул темада ишкерлердин катышуусунда парламенттик угуу өткөрүүнү сунуштады. Комитет бул мыйзам долбоорунун концепциясын парламенттик угуу өткөрүү шарты менен биринчи окууда жактырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.12.2017. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми ушул эле калды казахстан 2012 жылы откоргон дагы деле ызы чуусу бутолек силер жон эле тургула эмне элден алган жакшыда е силерге ойлонгула???
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: