super.kg logo

"Чебурашка жана крокодил Гена" жөнүндө мультфильмдеги ырлардын жаратуучусу композитор Владимир Шаинский дүйнө салды

 

Белгилүү композитор СССРдин эл артисти, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Владимир Шаинский 92 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда орус басылмалары жазышты.

Шаинский "Чебурашка жана крокодил Гена" жөнүндө мультфильмдеги жана башка бир топ белгилүү ырларды жараткан.

Ал 1925-жылы 12-декабрда Киевде туулган. Киевдеги музыкалык консерваторияда билим алып, 1941-жылы Экинчи дүйнөлүк согуштун кесепетинен Ташкент шаарына эвакуацияланган. Шаинский Ташкенттеги музыкалык консерваторияда билимин улантып, кийин аскер кызматына аттанган. 1945-жылы Шаинский Москвадагы консерваторияга тапшырып, аны аяктагандан кийин Леонид Утесов оркестринде эмгектенген. Кийин музыкалык мектепте мугалим, оркестрщик, композитор, түрдүү эстрадалык оркестрлерде музыкалык жетекчи болуп иштеген. Анын биринчи чоң ийгилиги 1968-жылы жазылган "Лада" композициясы болгон. 1970-жылдарда Шаинскийдин аты белгилүү советтик композиторлордун катарында атала баштаган.

Шаинский балдар үчүн жаралган ырлары менен белгилүү. Ал бир канча чыгармаларын кинодо жана мультфильмдерде балдар дүйнөсүнө арнаган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
26.12.2017. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ыйманы саламата болсун
27.12.2017. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун ыр го балалыкты эске салган.
27.12.2017. 08:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Легендарный мультфильм чебурашка менен Гена,биздин бала чагыбыз ошол мультфильмдер менен откон.Ал убакта только телевизорду карап отурчубуз,кайсы мультфильмди корсотот экен деп. Кайран гана жаштыгым (((
27.12.2017. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
арты кайырлуу болсун! ошол мультик менен чонойдук балалык кезде тынбай корчубуз ырлары керемет чыккан
27.12.2017. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пусть бегут неуклюже,пешеходы по лужам.А вода по асфальту рекой ля ля ля ля ля ля. Эхх кынылдап ырдап коеюн да .Орустарда "земля пухом" деп коюшчу беле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: